Улуттук иш-аракеттер планы (УИП): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Улуттук иш-аракеттер планы (УИП)''' – 2010-жылдан бери КРнын Премьер министри тарабынан бекитили..."
(Айырма жок)

9 июль 2016, саат 20:26 учурдагы нуска

Улуттук иш-аракеттер планы (УИП) – 2010-жылдан бери КРнын Премьер министри тарабынан бекитилип келе жаткан гендердик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча стратегиялык багыттарды белгилеген документ. Биринчи жолу 2002-жылдын 2-мартында КРнын Президенти А.Акаев бекиткен. Үч жолу басылып чыккан - 2002-, 2007-, 2012- жана 2014-жылдары. Учурда 2015-2017-жж. карата төртүнчү УИП иштелип чыгууда.

Документтин башкы максаты Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти орнотуу аракеттерин жөнгө салуу. Аталган улуттук планды жарандык коомдун уюмдарынын жана ЖМКнын катышуусу менен улуттук жана чөлкөмдүк деңгээлде бардык бийлик бутактары аткарууда.

Ушундай планды түзүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасы 1995-жылы Пекинде болуп өткөн БУУнун аялдардын абалы боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференциясында кабыл алынган Пекин иш-аракеттер планына (ПИП) кошулганда келип чыккан. УИП Пекин иш-аракеттер планындагы он эки көйгөйлүү чөйрөнүн баарын камтыган ар тараптуу документ.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти орнотуу боюнча маселелерди жүзөгө ашыруу үчүн каражаттар каралган эмес. Аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы ишти негизинен эларалык уюмдар (мындан ары - ЭУ), бейөкмөт уюмдар жана активисттер каржылап, уюштурат.

УИП-1

2002-2006-жж. карата УИПнын негизги максаты гендердик теңчилик саясатын калыптандыруу болуп, 6 багытта иш алып барган:

1) гендердик теңчиликти орнотуу боюнча институтташтырылган механизмди өркүндөтүү;

2) бардык чечим кабыл алуу деңгээлдеринде гендердик тең салмактуулукту сактоо;

3) эмгек жана жумуш менен камсыз болуу жаатындагы экономикалык өнүгүүнүн гендердик аспектиси;

4) саламаттыкты сактоо жаатындагы гендердик аспекттер;

5) билим берүү жана маданияттагы гендердик паритет;

6) аялдар дуушар болгон зомбулуктун бардык формасын азайтуу.

Пландын иш жүзүндөгү жыйынтыктары:

  • жарандык коомдун эксперттеринин аракети менен айрым мыйзамдар жана долбоорлор гендердик экспертизадан өтүштү. Мындай экспертиза институтташтырылган эмес, бирок КРнын Үй-бүлө жана Жазык кодексинин, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин, "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө", "Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө", "Адамдарды сатууга жол бербөө жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" КРнын мыйзамдарынын үстүнөн жүргүзүлгөн.
  • 2003-жылы КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан аялдардын укуктарына байланыштуу төмөнкүдөй эки мыйзам кабыл алынган: "Гендердик теңчиликти камсыз кылган мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндө", "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө";
  • 2005-жылы КРнын Президенти тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинде гендердик өнүгүү маселелери боюнча КРнын Президентинин атайын өкүлү деген кызмат оруну негизделип, гендердик экспертизаны илгерилетүү жана институтташтырууда олуттуу роль ойногон;
  • гендердик маселелерди төмөнкүдөй улуттук өнүгүү программаларына киргизүү тажрыйбасы бекитилген; Өнүгүүнүн ар тараптуу негиздери, Жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегия жана Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы. Гендердик курамдык бөлүк бир катар тармактык программаларга киргизилген;
  • министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн гендердик тематикада мезгил-мезгили менен окуу семинарлары жана тегерек столдор өткөрүлүп турган;
  • эларалык уюмдардын колдоосу менен экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүү чөйрөсүндө гендердик жактан бөлүштүрүлгөн дайындарды топтоо тутуму түзүлгөн;
  • 2006-жылы 30-январда КРнын Өкмөтүнүн №46 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар жеңилдетилген категорияга кирип, кошумча төлөмдөрдөн бошотулушат, кош бойлуу мезгилде кыйынчылыктар келип чыгып стационарда болушканда, ошондой кош бойлуулар үчүн баштапкы деңгээлде кызматтар топтомун пайдаланып жаткан кезде;
  • мектепке чейинки мекемелердин тармагы кеңейтилип, аларга барган 6 жашка чейинки балдардын саны көбөйдү. Мектепке чейинки мекемелердин саны 448 чейин көбөйүп (2001-жылы - 407 болчу), аларда 54,4 миң бала же тийиштүү курактагы балдардын 11% тарбияланышууда (2001-жылы - 9% болчу).


УИП-2

2007-2010-жж.карата УИПда саясат менен иш-чараларды мурунку УИПдагы алты стратегиялык багытта жүзөгө ашыруу каралып, гендердик теңчилик маселелери боюнча калктын кабардарлыгын жогорулатуу деген жаңы стратегиялык багыт киргизилген.

Пландын иш жүзүндөгү жыйынтыктары:

  • 2009-жылы КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) алдында Гендердик өнүгүү боюнча коомдук кеңеш түзүлгөн;
  • мамлекеттик мекемелерде улуту, билим деңгээли, курагы, жынысы, иш стажы жана эмгек акысынын өлчөмү сыяктуу көрсөткүчтөргө негизделген мамлекеттик кызматкерлердин курамы жөнүндө гендердик жактан бөлүштүрүлгөн дайындарды топтоо механизми жөнгө салынган (статистикалык форма №1-ГОС);
  • мамлекеттик башкаруу органдарынын (МБО) жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) кызматкерлери КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын негизинде ПРООНдун бир катар долбоорлорунун алкагында мыйзам чыгаруу жана мыйзам алдындагы акттардын, ведомстволордун ченемдик-укуктук актыларынын (ЧУА) үстүнөн гендердик экспертиза жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүштү;
  • "Ак жүрөк" кризистик борборуна Ош шаарынын мэриясы акысыз имарат бөлүп берди;
  • КРнын Эмгек кодексине бала багуу боюнча өргүү жалгыз бой энелерге гана эмес, баланын атасына, чоң ата, чоң апасына жана башка туугандарга же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчуларга берилет деген ченем киргизилген.
  • 2007-жылдагы референдумдун натыйжасында, шайлоо мыйзамдарында гендердик, жаштар жана этностук квоталар сыяктуу атайын колдоо чаралары бекитилген; Шайлоолор жөнүндө кодекстин 72-беренесине гендердик квота киргизилип, ага ылайык Жогорку Кеңешке шайлана турган талапкерлердин тизмелерин түзүүдө саясий партиялар аялдар менен эркектердин аты-жөнүн кезектештирип жазып, алардын ортосундагы айырманы үч позициядан ашырбашы керек.
  • 2007-жылдын октябрь айында Медициналык жардам уюмунун башкармалыгында энелер менен балдарды коргоо бөлүмү түзүлгөн.

УИП-3

2009-жылы гендердик саясатты жүзөгө ашыруучу институтташтырылган улуттук механизмдин үстүнөн жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыгында, майнаптуулук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн гендердик теңчиликти орнотуу жаатындагы стратегиялык документтерди иштеп чыгуу ык-амалдары менен методологиясын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы маалым болгон. Талдоо көрсөткөндөй, чөлкөмдүк пландар менен бюджеттик циклди эске алуу менен өлкөлүк жана тармактык гендердик программаларды шайкештөө керек. 2012-2014-жж.карата УИП-3 жогорудагы сунуштардын негизинде иштелип чыгып, төмөнкү принциптерге таянган:

  • натыйжага багытталган башкаруу принциби;
  • ар тараптуу гендердик ык-амал;
  • максаттардын артыкчылыктарын белгилөө жана аларды пилоттук негизде жүзөгө ашыруу.

УИПнын алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар чаралар жүзөгө ашырылган:

1) аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейтүү;

2) функционалдык билим берүү тутумун түзүү;

3) гендердик басмырлоону жоюп, аялдардын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

4) чечим кабыл алууда гендердик паритетти илгерилетүү жана аялдардын саясий катышуусун өнүктүрүү.

Пландын иш жүзүндөгү жыйынтыктары:

  • 2012-жылы Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын алдында консультативдик-кеңешме орган катары кайра жандандырылган;
  • КРнын Башкы прокуратурасы мамлекеттик статистикалык отчеттуулукка гендердик саясат жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүн кошкон;
  • Улуттук бюджеттерди милдеттүү түрдө гендердик экспертизадан өткөрүү тажрыйбасы белгиленген.

Эскертмелер

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

  • 1. 2002-2006-ЖЖ карата Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти орнотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планы [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/3676?cl=ru-ru (доступ: 20.12.2015).
  • 2. 2007-2010-жж. карата Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти орнотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планы [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/62678?cl=ru-ru (доступ: 20.12.2015).
  • 3. 2012-жылдын 27-июнундагы 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликти орнотуу боюнча КРнын улуттук стратегиясы [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://wbp.kg/?page_id=207 (доступ: 20.12.2015)
  • 4. Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти орнотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планынын жүзөгө ашырылышын орто аралык баалоо [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://soros.kg/wp-content/uploads/2011/02/Monitoring_nationalplan_gender-equality_2009.pdf (доступ: 20.12.2015).
  • 5. БӨУ Кеңешинин Кыргыз Республикасынын CEDAW комитетине берген Үчүнчү мезгилдик доклады боюнча альтернативдик отчету (2008-жыл) [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://wsc.kg/37: (доступ: 20.12.2015).