Жалал-Абад: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
7-сап:
|сүрөт ачыктамасы = Жалал-Абад шаарынын босогосу
|өлкө = Кыргызстан
|герб = SealJalalabad of Jalal-Abadcoa.gifsvg
|желек = Jalal abad flag.svg
|гербдин сүрөттөлүшү =
62-сап:
}}
'''Жалал-Абад''' - [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусунун]] борбору (1991-жылдан); 1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] [[Бишкек]], Ош жана [[Токмок|Токмоктон]] кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору [[Бишкек шаары|Бишкек шаарынан]] 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен ([[Өзбекстан|Өзбекстандын]] Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат. Жалал-Абад Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо температурасы -4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат. Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат. Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.
 
==Суулары==
Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык жана минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37-42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак булактар. Бул ысык жана минералдык суулардын кендери Орто Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км аралыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво заводу тарабынан «Жалал-Абад» № 27 деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курортто минералдуу суулардан сырткары, ошондой эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түштүк -чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070-1075 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын чеги жана Көгарт өрөөнүнүн ага чектеш аймагы жарым чөл жана кургак талаа ландшафттык зоналарында жайгашкан.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жалал-Абад" булагынан алынды