Феминисттик активизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Феминисттик активизм''' – феминизмдин ар кандай көптөгөн аныктамалары бар жана алар негизине..."
(Айырма жок)

10 июль 2016, саат 16:17 учурдагы нуска

Феминисттик активизм – феминизмдин ар кандай көптөгөн аныктамалары бар жана алар негизинен жергиликтүү контекстке, ушул темада жазышкан авторлордун талдоосуна же феминисттик принциптерди карманган же илгерилеткен адамдардын (айрыкча активист аялдардын) өзүлөрүнүн түшүнүгүнө жараша ар кандай чечмеленет. Бирок аныктамалардын көпчүлүгү феминизмди, алгач, "аялдар менен эркектердин ортосундагы тең укуктуулук үчүн коомдук кыймыл" катарында жаралып, түзүмдөштүрүлүп-тутумдаштырылган зомбулукка, басмырлоого жана кодулоого каршы багытталган күрөш менен байланыштырышат[1]. Феминизмдин ар кандай аныктамалары, өзүлөрүн феминисттик кыймыл катары көрсөткөн топтордун экономикалык, социалдык, саясий, улуттук, расалык жана маданий өзгөчөлүктөрүнүн негизинде XIX кылымдын экинчи жарымында түптөлө баштаган.

Активизм бири-бири менен көп кесилишкен социалдык, саясий, экологиялык сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө өзгөртүүлөрдү киргизүү, тездетүү же кошумчалоо аракети. Тигил же бул көйгөйлөрдүн үстүнөн туруктуу мүнөздө иш алып барган активисттик топтор өзгөртүүлөрдү илгерилетүүдө маанилүү ролдордун бирин ойношот. Көйгөйлөрдү чечүүдө ар кандай активисттик топтор ар кандай ык-амалдарды колдонушат. Мындай ык-амалдардын катарына онлайн активизм, кызыкдар адамдар менен узак мөөнөттө иштешүү, түздөн-түз аракет кылуу, белгиленген максаттарга жетүүгө жардам бере турган жаңы мыйзамдарды жана башка иштерди сүрөмөлөө аракеттери кирет. Феминисттик активизм тике аракет кылуу жана такай сүрөмөлөө аркылуу 1995-жылы Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында Пекин иш-аракеттер планынын (ПИП) кабыл алынышында олуттуу салым кошкон. Аталган конференцияда биринчи жолу «аялдардын укуктары – адам укуктары» деген түшүнүк киргизилген[2].

Кыргызстандагы феминисттик активизм: тарыхы жана бүгүнкү күндөгү абалы

Кыргызстандагы феминисттик активизмдин активизмдин башка формаларынан айырмалап турган нерсеси - анын түзүлүштүк жана тутумдук зомбулук жана басмырлоо, гендердик теңчилик контекстинде адам укуктарынын бузулушу, ошондой эле жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин актуалдаштырып, сын көз караш менен карагандыгы. Ошол эле учурда ушул маселелердин үстүнөн аялдардын башка уюмдары да иш алып барышат, бирок коомдо жана ЖМКдафеминизмге байланыштуу терс стереотиптер калыптанып калгандыктан, алар өзүлөрүн феминисттик уюмдарбыз деп атагысы келишпейт.

Кыргызстанда өзүлөрүн феминисттик уюмдарбыз деп ачык аташкан биринчи коомдук демилгелер 2009-жылдан баштап пайда боло баштаган. Алардын келип чыгышын Бишкек шаарында коюлган "Вагинанын монологу" деген биринчи кайрымдуулук пьесасы шарттаган. Так ушул пьесадан кийин Кыргызстандын коомунда сексуалдык жана сексуалдык зомбулукка байланыштуу тыюу салынган темалар ачык талкууга алынган. Кыз ала качуу жосуну үчүн каралган жазалоону катуулатуу максатын көздөгөн "Сообща" деген улуттук тармакка биригишкен аялдардын кыймылынын кийинки жана мурунку муундарынын биргелешкен аракеттери менен, 2012-жылы феминисттик активизм кулачын жайып, бир кыйла кеңейген. Ушул сыяктуу нааразычылык акцияларынан, мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштарынан, феминисттик басылмаларды чыгаруу менен коштолгон ар кандай иш-чаралардан улам феминисттик активизм ЖМКда көбүрөөк байкалып, эл арасында кеңири талкуулана баштаган. Так ушул 2012-жылдан баштап феминисттик активизмде активист аялдардын ар кандай муундарынын өкүлдөрү катышкандыктан, анын курамы ар түрдүү боло баштаган. Учурда Кыргызстанда феминизм Кыргызстандагы аялдардын жарандык тармагындагы кууш багыт катары эмес, жигердүү коомдук кыймыл катары таанылып калды.

Феминисттик перспектива өлкөнүн ар кандай чөйрөлөрүндө пайда болуп, искусстводо, укук коргоо чөйрөсүндө жана жарандык коомдо, Интернет мейкиндигинде, айрыкча, блогдор чөйрөсүндө жана коомдук желелерде, ошондой эле ар кандай жамааттар менен коомдоштуктарда альтернативдик гендердик дискурсту жаратууда. Ошол эле учурда феминисттик талдоо сексизмдин, аялдарды жек көрүү сезиминин (мизогиния), гомофобиянын жана трансфобиянын алдын алууда гана эмес, экономикалык жана социалдык теңсиздик маселелерине караштырууда да олуттуу роль ойноп, натыйжада, ЖМКда да, мамлекеттик стратегиялар менен мыйзамдарда да чагылдырылат. Феминисттик талдоо бүгүнкү күнү гендердик маселелерде эксперттик позициянын маанилүү бөлүгү болуп, коомдук пикирге, ошону менен катар чечим кабыл алуучу адамдардын пикирине олуттуу таасирин тийгизе алды.

Уюмдар, коомдоштуктар/жамааттар, демилгелер: жигердүүлүк формалары жана форматтары

Кыргызстандагы феминисттик активизм өзүнөн өзү түзүлгөн уюмдун ар кандай формаларын чагылдырып, ага төмөнкүлөр кирет: жарандык тармактын жана бейөкмөт уюмдардын алкагындагы жамааттык демилгелер; белгилүү бир убакыт аралыгында иштеген формалдуу жана формалдуу эмес топтор; жеке феминисттик демилгелер жана Интернеттеги демилгечил топтор. Өзүнөн өзү түзүлгөн ушул уюмдар бири-бири менен кесилишип, активизмдин бир гана түрүн карманышы мүмкүн же бир гана жолку же туруктуу максаттарды көздөшү мүмкүн. Төмөндө өзүнөн өзү түзүлгөн уюмдун ар кандай ык-амалдарын колдонгон Кыргызстандагы ар кандай феминисттик демилгелер келтирилген: Жамааттарга багытталган феминисттик активисттик топтордун бири - Бишкектеги феминисттик демилгелер. Анын негизделишине 2009-жылы Бишкекте коюлган «Вагинанын монологдор» деген аталыштагы кайрымдуулук пьесасы түрткү берген. Топ жантыгынан чечим кабыл алуу, тилектештик жана акыйкаттык принциптерин карманат. Бишкектеги феминисттик демилгелердин артыкчылыктуу максаттарынын бири ар кандай коомдоштуктарды феминисттик принциптерди өнүктүрүүгө багытталган ишке тартуу. Иштин негизги багыттары - феминисттик билим искусство, зомбулукка каршы кампаниялар, ЖМК жана коомдук көчө акциялары, кыймылды бүтүндөй өлкөдө да, дубандарда данегиздөө.

ШТАБ (Школа теории и активизма – Бишкек) платформасы 2012-жылдан бери маалыматтык жана билим берүү программаларын уюштуруп, негизги багыттарынын бири изилдөө жана көркөм чыгармачылык иштерин жүргүзүү үчүн көркөм өнөрчүлөрдүн, студенттердин, жазуучулардын жана башка активисттердин чөйрөсүнөн стипендия алуучулар үчүн аянтча түзүп берүү болуп эсептелет. Бул уюмдун эң башкы багыты феминисттик искусствоаркылуу түшүнүктүү болгон патриархалдык үстөмдүктү сынга алуу. Учурда ШТАБ Фемзин Weird Sisters демилгесине маалыматтык жана ресурстук жактан колдоо көрсөтүүдө. Бул демилге зиндин (самиздат) биринчи номери жарык көргөндөн кийин түзүлүп, Facebook'тагы топтун форматында иш алып барып, такай зиндерди чыгарып турат.

2013-жылдан баштап феминисттик активизм Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн арасында кеңири жайылып, өзүнчө түзүлгөн уюмдун жаңы форматтарына ээ болуп, дубандарга чейин жеткен. Туруктуу иш алып барган автономдук топтордун бири - Бишкектеги феминисттик демилгелердин активисттик аянтчасынын кыздары түзгөн Кыргызстандын активист кыздары тобу, ошондой эле Ош шаарындагы Новый ритм тобуна караштуу «Girls' Club» жаштардын феминисттик тобу. Жогоруда көрсөтүлгөн топтордун баары зомбулук жана басмырлоо көрүнүштөрү кездешпеген, тең укуктуу коомдо жашоону көздөшөт. Жогорудагы эки топ тең мектеп, жаштар клубдары, китепканалар жана өспүрүм балдар көп чогулган жерлер сыяктуу ар кандай аянттар аркылуу өзүлөрүнүн курбалдаштарын мобилизациялап, феминисттик активизимге тартышат.

Кыргызстандын жана Орто Азиядагы башка өлкөлөрдүн кыздары негиздеген Sheisnomad жана Feministmin феминисттик медиадолбоорлору коомдук желелерде жана блогдор чөйрөсүндө биздин өлкөбүздө да, чет мамлекеттерде көп окулуп, көп талкуулануучу баракчаларга айланды. Ушул долбоорлор өлкөдөгү жана бүтүндөй чөлкөмдөгү кыз-келиндердин башынан өткөн окуялары менен тажрыйбаларына көңүл бөлүп, онлайн мейкиндигиндеги күнүмдүк сексизм, мизогиния жана аялдарды коркутуп-үркүтүү көрүнүштөрүнө байланыштуу феминисттик күн тартиптер үчүн мобилизациялоо аянтчасы болуп, аны өнүктүрүшөт.

2015-жылы ар кандай уюмдардын активист аялдары менен эркектери биригишип, artFAQt уюмунун алкагында өзүлөрүнүн жеке активисттик ишин башташкан . Өз ишинде artFAQt искусство жана маданият жаатында феминисттик талдоо ыкмасын колдонуп, көбүнесе, өзара тажрыйба алмашууга көбүрөөк басым жасайт.


Эскертмелер

  1. "БУУнун аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдик отчету жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн №872 токтому, 31-декабрь, 2012-жыл
  2. Попкова Л., Жидкова Е. Феминизм, или История борьбы женщин за права человека: «курица – не птица…» / В кн.: Гендер для «чайников» / Под ред. И. Тартаковской. – М., 2009.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

  • 1. Попкова Л., Жидкова Е. Феминизм, или История борьбы женщин за права человека: «курица – не птица…» / В кн.: Гендер для «чайников» / Под ред. И. Тартаковской. – М.: Генрих Белл атындагы фонд Просветительско-издательский центр «Звенья», 2009.
  • 2. SparkNotes окуу ресурсу: «Словарь разновидностей феминизма» hooks, bell. (1984). Feminist Theory. From Margin to Center. South End Press, p.15
  • 3. Permanent Culture Now website: Introduction to Activism.
  • 4. Report: The Fourth World Conference on Women, Beijing Declaration and Platform for Action, 1995.