Люминесценция лампасы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Люминесценция лампасы''' - разряддын улътракызгылт көк нурунун таасири менен люминофорлордун..." |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Люминесценция лампасы''' - разряддын улътракызгылт көк нурунун таасири менен люминофорлордун жарык чыгарышы аркылуу жарык агымы аныктала турган газ разряд- дуу жарык булагы.
Кызытма лампага Караганда Л. лампанын жарык чыгаруусу, иштөо мөөнөтү бир нече эсе көп болот, ошондуктан ал лампа зал, бөлмө, көчө ж. б. жерлерди жарык кылууда коп колдонулат. Мындай жарык булагынын көп таралган туру — сымаптуу Л. л. Ал ички бе- тине люминофор сыйпалган туюк тунук айнек түтүктөн турат. Түтүктун бир жак учуна [[вольфрам]] зымынан спираль турундо [[Электроддор|электрод]] киргизи- лет. Иштөө жөндөмүн жогорулатуу учун электроддун бетине карбонаттан же жегич-жер металлынын ото кычкылынан даярдалган оксид суспензиясы сүйкөлөт. [[Сымап]] атомдорунун дүүлүгүү шартын жакшыртуу жанa лампанын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында лампанын ичине бир тамчы сымап тамызылат жанa белгилүү санда инерт газдары (Ат, Ne ж. б.) толтурулат. Л. л-н өзгөрмө ток булагы менен бириктиргенде, электроддор ортосунда электр тогу пайда болуп, ал сымап [[Атом (химияда)|атом]]дорун дүүлүктүрөт да, жарыкты пайда кылат. Ошол сымап буусунун басымы спектрдин ультракызгылт көк тармагынан интенсивдуу нур чыгарып, ал нур лампанын люминофор катмарын жарык чыгартат.
== Колдонулган адабияттар ==
|