Орхидейлер: нускалардын айырмасы
Created page with "'''Орхидейлер''' (Orchidaceae) — өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукуму. О.—сабак-тамырлуу ж..." |
(Айырма жок)
|
27 июль 2016, саат 14:02 учурдагы нуска
Орхидейлер (Orchidaceae) — өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукуму.
О.—сабак-тамырлуу же, түймөк-тамырлуу көп жылдык чеп. Жалбырагы бүтүн жээктүү, сабакка оролуп есет же жаабырак кучактуу, сапрофиттерде туссүз түрпүчөлөргө айланган. Эпифиттик О. дарак бутактарына жайгашыл, аба тамырларынын жардамы м-н ным тартып есет. Булардын жалбырактары назик, ширелүү, дайыма жашыл же кургакчы- лыкта күбүлүп түшет. О-дин гүлдөрү туура эмес түзулүштүү, көбүнчө 2 жыныстуу.
Топ гүлү чачыктай же машактай, уз. 2—3 м, кээде жалгыз гүлдүү. Чөпчөкчөсү желекче сымал. Желекчесп үчөө, сртоцкусу капта- лындагы экеөнөн формасы, түсү, көлөмү м-н айырмалават. Энелигинин мамычасы м-н аталыгы биригип өсүп, гиностемпй деп аталуучу түтүкчөгө айланган. Аталыктары калыц стами- нодийди пайда кылат. Мөмөсү — кутуча, чымын-чпркейлердин жардамы м-н кайчылаш чацдашат. О-дин уругу эндотрофтуу микоризаны пайда кылуучу козу карындарга дуушар келсе гана андан өсүмдүк өнүп чыгат. Жердпн бардык материгинде (уюлдук областтардан башка) О-дин 600— 700 уруусунун 20 миң түрү есет. Оз- гөчө троппкте кеп сандаган түрү кез- дешет. СССРде 120дан ашуун (Кырг-н- да Юдой) түрү бар. О-дин айрым түрлөрү кооздук үчүн оранжереяларда өстүрүлөт. Айрымдарынын мөмөсү кондитер, парфюмерия е. ж-нда колдонулат, о. эле кээ бир түрлөрүнүн түймөк тамырларынан медицинада пайдалануучу сален заты алынат.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979