Ливон согушу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Ливон согушу''' (1558-83) Балтика боюна ж-a Балтика деңизине чыгуу үчүн Ро..."
(Айырма жок)

30 июль 2016, саат 06:56 учурдагы нуска

Ливон согушу (1558-83) Балтика боюна ж-a Балтика деңизине чыгуу үчүн Россиянын Ливон ордени.

Шве­ция, Польша ж-a Литва улуу княздыгы м-н согушу. Россия Балтика боюн ээлеп, деңиз аркылуу Европа өлкөлөрү м-н соода жүргүзүү максатын көздөгөн. Бул максатты орус көпөстөрү м-н ак сөөктөрү кубаттаган. 1558-ж. Иван ІҮ (Грозный Ливон орденине согуш ачкан. Орус аскерлери Нарва м-н Дерптти ээлеп. Ревелге жакындаган. Россиядан чочулаган Литва м-н Дания Ливонияны колдогон. 1560-ж. орус аскерлерлеринин соккусунан Ливон ордени кулап, анын аймагын Польша, Швеция ж-а ,Дания бөлүп алган. Л. с-нун экинчи мезгили 1561-ж. баштгалып, анда Россия Польша королдугуна, Литва улуу княздыгына, Швеция ж-а Данияга карты согушкан. 1563-ж. орус аскерлери Полоцк чебин алган. Князь А. М. Курбскийдин чыккынчылыгы, Польша м-н Литванын . бир мамлекетке — Речь Посполитага биригиши (1563), ИванІҮнүн ички саясаты (опричнина), түш. крым татарларынын казаттары Россиянын абалын оордоткон. Поль­ша 1579-ж. чабуулга өтүп, Полоцк, Великие Луки ш-ларын ээлеп, 1581-ж. Псковду курчап алган. Ушул эле жылы шведдер Нарва м-н Корелди ээлеген. 1582-ж. түзүлгөн 10 жылдык келишим б-ча Полоцк м-н Ливония Речь Посполитага карай, ал басып алган орус жерлери Россияга кайрылган. 1583-ж. Плюсск келишими б-ча Нарва, Ям, Копорье ж-а Ивангород шведдердин ээлигинде калган. Л. с. Россия үчүн ийгиликсиз аяктаган.


Колдонулган адабияттар