Мэн-цзы: нускалардын айырмасы
Created page with "'''Мэн-Цзы''' Мэн Кэ (б. з. ч. 372— 289-ж. ченде) — байыркы кытай философу, Конфуцийдин,..." |
(Айырма жок)
|
30 июль 2016, саат 09:21 учурдагы нуска
Мэн-Цзы Мэн Кэ (б. з. ч. 372— 289-ж. ченде) — байыркы кытай философу, Конфуцийдин, жолдоочусу.
Лу падышалыгынын Цзоу аймагында (азыркы Шаньдун провинциясында) туулган. Конфуцийдин шакирттеринен таалим алган. Тектүү ак сөөктөрдүн идеологу болгон, калың эл м-н ак сөөктөрдүн ортосундагы күрөштү басаңдатууга аракеттенип, М.-ц. элди гумандуулук м-н башкаруу теориясын түзгөн, дыйкандар арасында жерди тең бөлүштүрүү идеясын үгүттөгөн, легистер мектебинин (Фацзя- нын) негизги жоболорун сындаган. Конфуцийдин «ак сөөктөр» (цзюнь цзы) «букаралардан» (сяожень) артык деп айтканын жактап, теңсиздикти негиздүү деп тапкан. М.-ц-нын оозеки айткан акыл сөздөрүн шакирттери жазып калышкан.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979