Гидродинамика: нускалардын айырмасы
Created page with "'''Гидродинамика''' (гидро... ж-а динамика ) — гидромеханиканын бир белугу; кысы..." |
(Айырма жок)
|
7 август 2016, саат 16:05 учурдагы нуска
Гидродинамика (гидро... ж-а динамика ) — гидромеханиканын бир белугу; кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-a катуу нерселер м-н оз ара аракетин изилдейт.
Ылдамдыгы үндүкүнөн бир канча аз болгон газдын кыймылы да Г-нын методдору м-н изилденет.Г. илим катары 18-к-дын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр— Петербург ИАнын мүчөлөрү Л. Эйлер ж-a Д. Бернулли. Г-нын кээ бир маселелерин изилдөөдө суюктуктун жалпы касиети эсенке алынып, механиканын негизги закондору ж-а методдору колдонулат да, ал суюктук ээлеген көлөмдүн каалаган чекитиндеги ылдамдык, басым ж. б. чоңдуктар аныкталат. Дал ушунун өзү суюктук м-н катуу нерселердин оз ара аракеттенүү күчүн эсептөөге мүмкүндүк берет. Г. б-ча алган- да, суюктуктун эн башкы касиети — анын агуучулугу ж-a туташтыгы. Суюктук кыймылга келгенде, аны м-н идиштин каптал бетинин ж-a суюктуктун бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да ички сүрүлүү күчү пайда болот. Г- лык изилдөөдөгү эн негизги кыйынчылык — илээшкектикти так эсенке алуу.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979