'''Волга автомобиль заводу''' (ВАЗ) (азыр ОАО «АвтоВА́З») — [[СССР|СССРдеги]]Орусиядагы жана Чыгыш Европадагы жеңил автомобиль чыгаруучу эдэң ири ишканалардын бири.
Куйбышев обл-ндагы Тольятти ш-нда жайгашкан. Долбоорлоо кубаттуулугу жылына 660 ми машина. Курулушу [[1967]]-ж. башталып, [[1970]]-ж. конвейерден «ВАЗ-2101» тибиндеги алгачкы «Жигули» автомашинасы чыгарыла баштаган. Заводдун трансп. конвейер линиясынын жалпы уз. 50 км ге жетип, жүктөөтүшүрүү ж-a склад иштеринин 93% механикалаштырылган. ВАЗ өлкөдөгү бир нече ири ишкана м-н тыгыз байланышта. Мындан тышкары завод СЭВдин ичинде интеграциянын ийгиликтүү өнүгүшүнүн айкын мисалы боло алат. «Жигулиге» радио кабылдагыч [[Венгрия|Венгриядан]], амортизатор [[Польша|Польшадан]], электр жабдуулары [[Болгария|Болгариядан]] алынып келинет. [[1973]]-ж. завод 493,3 миң «Жигули» чыгарган. [[1974]]- жылдан күнүнө 2200 машина чыгарууда. Заводдун ВАЗ-2101 ж-a ВАЗ- 2102 тибиндеги автомобилдерине мамл. сапат белгиси ыйгарылган ([[1974]]). ВАЗ Эмгек Кызыл Туу ордени м-д сыйланган ([[1974]]).
Куйбышев областындагы Тольятти шаарында жайгашкан.
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979