Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created blank page

No edit summary
1-сап:
Саламатсызбы, урматтуу [[Колдонуучу:UlutSoft3|UlutSoft3]]!

[[Кыргыз Уикипедиясы|Кыргыз Уикипедиясына]] салым кошуп жаткандыгыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздин [[Кыргыз Совет Энциклопедиясы|Кыргыз Совет Энциклопедиясынын]] 1970-жж. чыгарылышынан массалык түрдө макалаларды киргизип жаткандыгыңызды байкадым.

Сизге айтаар кеңешим, [[Wikipedia:Жаңы баштагандарга|макала баштоодо]] [[Wikipedia:Эрежелер жана көрсөтмөлөр|эрежелер жана көрсөтмөлөр]] менен таанышып чыгыңыз.

* Баштап жаткан макалаңызды издөө талаасына салып издеп көрүңүз, балким, сиз баштаганы жаткан макала бар чыгаар.

* Башка тилдердеги нускасы менен салыштырып көрүңүз (мис., бизге түшүнүктүү орус тилиндеги нускасы).

* Киргизип жаткан маалыматыңыздын актуалдуулугун караңыз (мис., Пишпек шаары деп макала түзүүнүн кажети жок, Бишкек жетиштүү болот).

* Сканерленген тексте сөзсүз, жок эле дегенде бир ката чыгышы мүмкүн. Макала баштап, дароо эле '''баракты сактап кой''' баскычын баспастан, ''алдын ала көрсөтүү'' аркылуу макалаңыздын сырткы келбетин, ошол эле учурда текстте ката барбы-жокпу текшерип алыңыз.

Айта берсек толтура, андыктан урматтуу мекендешим, Уикипедия эрежелерин сактаңыз. Анткени, ал эрежелерди сактоо менен гана биз сапаттуу кыргыз тилдүү макалаларды көбөйтө алабыз.

Сан үчүн эмес, сапат үчүн эмгек кылалы. Айткан кеңештеримди көңүлгө алып, бүт каталарыңызды оңдоп чыгасыз деген ниеттемин. Сапатсыз, өзгөчө кыргыз тилинин орфографиялык, грамматикалык ченемдерине жооп бербеген макалалар биринчи кезекте өчүрүлөт экендигин эсиңизге сала кетейин.

'''Максатыбыз бир гана – кыргыз тилин өнүктүрүү.'''

Ишиңизге ийгилик каалап, [[Кыргыз Уикипедиясы|Кыргыз Уикипедиясынын]] мүчөсү — [[Колдонуучу:Askar Nazyrov|Askar Nazyrov]] ([[[[:Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу]]:Askar Nazyrov|баарлашуу]]) 18:34, 12 Август (Баш оона) 2016 (UTC)