'''Мобилизм''' ([[Латын тили|лат]]. mobilis — кыймыл- дуукыймылдуу) — жер кыртышынын ([[Литосфера|литосферанын]]) материк келкилери горизонталь багытта жылат деген божомол ([[гипотеза]]).
Геол. узак убакытта материк келкилерп бири биринен ж-ажана уюлдан миңдеген кмте чейин жылып кетиши мүмкүн делет. М.Мобилизм фиксизмге карама-каршы коюлат. Божомолду ил. жактан 1-жолу [[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|амер]]. илимпоз Ф. Тейлор ([[1910]]), немец геофпзигигеофизиги А. Вегенер [[1915]] иштеп чыккан. М-динМобилизмдин азыркы варианты «жацыжаңы глобаль (ири) [[Тектоника|тектоникасы]]» (же плита тек- тоникасытектоникасы) деп аталат. Ал [[океан]] түбүпүн [[Рельеф|рельефин]] ж-ажана [[магнит]] талааларын изилдөөгө, палеомагнетизмдин маалыматтарына негизделген.
Бул түшүнүк боюнча материк келкилерин ж-ажана аларга жанаша жаткан [[океан]] кыртышын (мантиянын эң үстүңкү белугу м-нменен бирге) камтыган монолит плиталарынын жай (жылына орто эсеп м-нменен 1—5 см) ордунан козголуусу жүрөт. Плиталар океан ортолук тоолордон жаш бүктөлүү алкактарды ([[Анд тоолору|Анд]], [[Гималай]]) ж-ажана арал жааларына карай 2 жакка ажырайт. Мында эки плитанын бирөөнүн астыцкы бөлүгү жантайыцкыжантайыңкы жаткан тектоникалык жаракаларды бойлой тереңдикке (700 кмтвкм чейин) чөгөт. Ал эми 2-плитанын материктик кыртышында кы- сымдынкысымдын таасиринен бүктөлүүлөр ж-ажана жылышуулар жаралат. Океан ортолук тоолордун борб. бөлүгүндө созулуу структуралары — [[Риф|рифтер]] пайда болот.
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979