Молдова: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Молдова''' '''(Молдавия)''', Молдаван Республикасы – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн Украина, батышынан Румыния менен чектешет. Аянты 33,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – Кишинёв. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына (Гагаузия, Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Молдавия – БУУнун, ЭВФтин, Эл аралык соода уюмунун, ИНТЕРПОЛдун, Эл аралык электр байланышынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Молдова" булагынан алынды