Иран: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м коррекция |
|||
1-сап:
'''Иран''', Иран Ислам Республикасы (Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-ж. чейинки расмий аталышы Персия) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүк-батышынан Армения, Азербайжан, түндүк-чыгышынан Түркмөнстан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, батышынан Ирак, Түркия менен чектешип, түндүгүнөн Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман жана Перс
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Иран БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1960), Ислам конференциясы уюмунун (1969) мүчөсү; СААРКта жана Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу статусуна ээ.
7-сап:
Ирандын көп бөлүгү Иран тайпак тоосунун аймагында жайгашкан; анын ички бөлүгүн бөксө тоолор жана Деште-Кевир, Деште-Лут жана башкалар чөлдөр жайгашкан бийик түздүктөр ээлейт. Түндүгүндө Каспий деңизинен ойдуңдуу кууш тилке аркылуу бөлүнгөн Эльбурс кырка тоосу (бийиктиги 5671 мге чейин, Демавенд жанартоосу Ирандын эң бийик жери), түндүк-батышында Армян тайпак тоосунун чыгыш бөлүгү, түштүк-батышы менен түштүгүндө Ирандын ички аймактарын Месопотамия ойдуңунан жана Араб деңизинен бөлүп турган Загрос тоо системасы (бийиктиги 4548 мге чейин, Зерд-Кух чокусу) жана Түштүк Иран тоолору, Перс жана Оман булуңдарын бойлой Гермсир чөлү жайгашкан. Өлкөнүн түндүгү менен чыгышын Түркмөн-Хорасан жана Чыгыш Иран тоолору ээлейт. Ирандын аймагы Альп-Гималай геосинклиналь (кыймылдуу) алкагында жайгашкан. Борбордук бөлүгүндө кембрийге чейин пайда болгон айрым тоо массивдери (Борбордук Иран, Борбордук Чыгыш Иран, Лут) биригип, Борбордук Иран плитасын түзөт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүнүн климаты субтропиктик континенттик; Перс жана Оман булуңдарын жээктей ысык тропиктик. Кышы түндүгүндө жана ички аймактарында серүүн (январдын орто температурасы түндүгүндө 0°Сден төмөн, Тегеранда 2°Сге чейин), түштүгүндө жылуу (Перс булуңунун жээгинде январдын орто температурасы 22-25°С). Кышында Ирандын түндүгүнө Орто Азия жана Сибирден соккон муздак аба абанын температурасын -25°Сге чейин төмөндөтөт. Жайында бардык жеринде ысык; июлдун орто температурасы 29-32°С. Өлкөнүн ички аймактарында жана түштүгүндө аба 40-50°Сге чейин ысыйт; абсолюттук макс. (54°С) Хузстан өрөөнүндө катталган. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү өлкөнүн көп бөлүгүндө 500 ммге, Эльбурстун түндүк капталында 2000 ммге чейин, Систан чөлүндө 50 ммден аз жаайт. Дарыяларынын көбү суудан өксү. Карун, Шатт-эль-Араб дарыясында кеме жүрөт; ири дарыясы Сефидруд (Каспий деңизине куят). Ири көлдөрү Урмия жана Хамун. Чөлдүн боз топурагы басымдуу; ошондой эле коңур жана күрөң тоо топурактары кездешет. Тайпак тоо ксерофиттери, чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу; Эльбурстун нымдуу түндүк капталында нымдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт. Ираннда 130дан ашык улуттук парк, улуттук табият эстеликтери, заказник режиминдеги резерваттар уюшулган; алардын жалпы аянты өлкөнүн аймагынын 6,5%ин ээлейт. Ири улуттук парктары: Баму, Кевир, Урмия, Борбордук Эльбурс жана башкалар ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар тармагына 9 объект киргизилген: Арасбаран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале жарым аралы, Туран. Эл аралык маанидеги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн га), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.
==Калкы==
Ирандын калкынын көбү иран тилдеринде сүйлөгөндөр: 38,5%и перстер, 6,9%и күрддөр, 5,6%и мазендерандыктар, 5,6%и гиляндар, 3,7%и лурлар жана башкалар Ал эми 30%ке жакыны түрк
==Тарыхы==
Ирандын аймагында адам төмөнкү палеолиттин аягында эле жашай баштаган. Биздин заманга чейинки 4-3-кылымдын башында шаар-мамлекеттер пайда боло баштаган. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Иран жергесине иран тобундагы (диалектилерде сүйлөгөн) көчмөн инди-европалык уруулар келген. Кийин алар жергиликтүү калкты өзүнө сиңирип алган. Биздин заманга чейинки 670-жылдарда Мидия падышалыгы келип чыккан. 550-ж. Мидия Ахемениддер династиясына кирип калган. Биздин заманга чейинки 550-330-ж. Ирандын аймагын Ахемениддер династиясы бийлеп турган. Ахемениддер мамлекетпн биздин заманга чейинки 330-ж. Александр Македонский басып алган. Ал өлгөндөн кийин Иран аймагы Селевкпддер мамлекетинин курамына кпрген. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда аймакта Парфия падышалыгы түзүлүп, ал биздин заманга чейинки 2-кылымда бүткүл Иранды, Месопотампяны, Арменпяны баш пйдпрген. Биздин замандын 3-кылымда бүлүнгөн Парфиянын негизинде Сасаниддер мамлекети түзүлгөн. Ал мезгилде (3-7-к.) кул ээлөөчүлүк түзүлүш начарлап, алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 651-ж. Сасаниддер мамлекетпн арабдар басып алып, Араб халпфатына кошкон. Өлкөдө ислам дини тарай баштап, 10-кылымда калктын көпчүлүгү ислам динин кабыл алган. 7-кылымдын аягынан араб үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүштөр (Абу Муслим, Сумбад Маг, Бабек жана башкалар) чыккан. 11-кылымда сельжуктар каратып алып, бүткүл Иран жана ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында Селжуктар мамлекетин түзгөн. 1220-ж. моңголдор басып кирген. 13-кылымдын ортосунан 14-кылымда Хулагулар мамлекетине, 1380-93-ж. Тпмурдун пмперпясына караган. Кичи Азпядан чыккан көчмөн түрк уруулары (кызыл баштар) 1501-10-ж. Иранды каратып, Сефевплер мамлекетинин түзүлүшүнө негиз салган. Алардын шахы Аббас 1нин реформалары борбордук бпйлпктп чыңдап, Ирандын абалын жакшырткан. 17-кылымдын аягынан Севефиддер мамлекетинин саясий-экономикалык жактан начарлашы афгандардын 1722-ж. өлкөнүн борбор калаасы Исфаханды басып алышына алып келген. 1723-ж. И-дын, түндүк-батыш жана борбордук аймактарына түрктөр басып кпрген. Баскынчыларга каршы согушту жетектеп, 20-жылдардын аягы 30-жылдардын башында афгандар менен түрктөрдү өлкөдөн кууп чыккан кол башчы Надир-хан (Надир шах Афшар; 1736-47) такка көтөрүлөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин ал түзгөн держава хандыктарга бөлүнүп кеткен. 19-кылымда орус-иран согуштарынын жыйынтыгында, Закавказье Росспянын курамына кошулган. 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын башында Иран Улуу Британия менен Россиянын колониялык экспансиясынын негизги объектисине айланып, көп узабай эле жарым колонпяга айланган. Элдин нааразылыгы күч алып, Иран революциясынын (1905-11) башталышына өбөлгө түзүлгөн. Анын жүрүшүндө констптуцпя жарыяланып, межлпс (парламент) чакырылган. Бирок росспялык, англиялык бириккен күчтөр аркылуу революция басылган. 1921-ж. РСФСР менен Ирандын ортосунда диилимий мамилелер түзүлөт. 2-дүйнөлүк согушта ермания Ирандын аймагына кирип, СССРге каршы аракеттерди жүргүзө баштаган. Буга каршы англиялык жана советтик аскерлер Иранга киргизилген (1945-46-ж. чыгарылган). Согуштан кийин Мохаммед Реза-шах Пехлевинин (1941жылдан шах) жүргүзгөн батышка багытталган саясаты калк ичинде нааразылык туудуруп, Иранда Ислам революциясы башталган (1979). Реза-шах Пехлеви өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1979-ж. Референдум өткөрүлүп, Иран Ислам Республика жарыяланган. Аятолла Хомейни Ирандын башкы жетекчиси болуп калган. Жылдын аяк ченинде Ирак менен мамилелер курчуп, 1980-ж. Перс булуңундагы үстөмдүк үчүн согуштук конфликттер жаралат. 1989-ж. тынчтык макулдашууларга кол коюлат. Ошол эле жылы, Хомейни өлгөндөн кийин өлкөнүн башына аятолла Сейед Али Хаменеи, президент аралы А. Хашема-Рафсанжаникке 1997-, 2001-жылдардагы президенттик шайлоодо Сейед Мохаммед Хатами жеңген. 2005-ж. М. Ахмдинежад президенттикке келип, 2009-ж. 2-мөөнөткө шайланган. Ирандын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири Иран ядролук программасы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Өлкөдө уран кендеринин ачылышы тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле ядролук куралданууга да мүмкүнчүлүк түзгөн. АКШ жана анын союздаштары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып, Ирандан атом энергетика жана уранды иштетүүчү объектилердин курулушун токтотууну талап кылууда. Бирок, Иран ядролук программанын тынчтык мүнөздө экенин көрсөтүп, бул талаптарды аткаруудан баш тартууда.
==Чарбасы==
Иран – экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкө. Нефть казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. ИДП көлөмү 852,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүшгүргөндө 12 300 доллардан гуура келег (2007). Жаңы Азадеган жана Ядаверан Нефть-газ кендери ачылгандан кийин Ирандын дүйнөлүк нефгинин запасындагы үлүшү 11,1%ги, газдыкы 15,4%ги гүздү (2005). Нефть жана газды казып алуу мамлекеггин көзөмөлүндө. Нефть казып алуу боюнча (194,6 млрд т) дүйнөдө 3-орунда (Россия жана Сауд Арабиясынан кийин). Нефть казып алуучу негизги аймакгары: өлкөнүн гүшаары-багышы (Хузсган, Бушир осгандары) жана Перс булуңунун шельфи. Нефть экспорггоо боюнча Иран дүйнөдө 3-орунда. Нефть экспорггоочу ири герминалдары Перс булуңунун аралдарында (Харк, Лаван, Сирри, Ларек жана башкалар) жайгашкан. Газ өндүрүү боюнча (110,8 млрд м<sup>
Транспорттун негизги түрү автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң км (андан ичкери 120,8 миң кми асфальтталган); негизги автомагистралдары: Түркия менен чек арасы /Базерган Тебриз Тегеран Мешхед Догхарон/Афганстан менен чек арасы; Пакистан менен чек арасы/Захедан Керман Йезд Кум Хамадан Хосрови/ Ирак менен чек арасы; Тегеран Кум Исфахан Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң км (анын 146 кми электрлештирилген). Ирандын негизги темир жол магистралдары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу менен туташтырган Трансиран (Бендер-Торкемен Тегеран Бендер-Имам-Хомейни) магистралы: Тегеран Тебриз Жульфа, Тегеран Мешхед Кум Бад Исфахан, Бад Йезд Бафк Керман Бам, Бафк Бендер-Аббас, Мешхед Серахс/Түркия менен чек ара. 2005-ж. Бафк Мешхед темир жол курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту менен түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары курулууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть жана нефть продуктулары, кенташ, металл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги менен башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боливия жана башкалар өлкөлөрдүн желеги менен Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомейни, Харк; Каспий деңизинде Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы менен кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз шаарында жайгашкан. Мамлекеттик ири авпакомпанпясы «Iran Air». Жер бети жана суу асты менен өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң км; анын 17,1 миң кми газ кууру, 8,5 миң кми нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз Эрак Тегеран, Гечсаран Шираз, Агажари Исфахан Тегеран, Саркан Керманшах, Нефт-Шехр Керманшах, Тегеран Тебриз, Тегеран Мешхед, Нека Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кендерден нефтини порт терминалдарына жеткирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экспорттук газ кууру (Тебриз Базерган Анкара) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз Мегри Хажаран Арарат) курулууда (2008). Тегеранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфахан шаарында курулууда (2008). Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд долларды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продуктулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра жана башкалар сатат. Сырттан сырьё жана матерпалдарды, өнөр жай үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нпдерланд, Россия.
==Маданияты==
|