Орозо айт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "ОРОЗО АЙТ – мусулмандардын диний майрамы. Орозо аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рам..."
 
1-сап:
ОРОЗО АЙТ – [[мусулман]]дардын [[дин]]ий майрамы. [[Орозо]] аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рамадан айында 12 жаштан жогорку мусулмандар 30 күн орозо кармоого парс делинет. Орозонун акыркы күнү «айбашы» аталып, ар бир үйдө боорсок бышырылып, арбактарга куран түшүрүлүп, кайыр-садага берилет. Эртеси орозо айт майрамы башталат. Күн жаңы чыкканда эркектер жакшы кийим кийип, атка минишип, эркек балдарын да жасалгалуу кунан-тайларга мингизип алышып, айт намазга жыгылганы барышат; кыбыла тарапты карап намаз окушат. [[Намаз]]га келгендер «намаз акы» деп акча ташташат. Намаздан кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша (чалдар, кемпирлер, аялдар, эркектер, келин-кыздар, балдар) топ-топко бөлүнүп алышып, кыдырата үйлөргө кирип айтташат; ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт. [[Кыргыз]]дарда исламга чейинки шаманизм дининин калдыктары сакталып калгандыктан, анын айрым элементтери ислам динине да аралашып кеткен. Өзгөчө орозо кармоо ата- бабалардын арбагына сыйынуу ишеними менен коштолуп келет.
==Колдонулган адабият==
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Орозо_айт" булагынан алынды