Таш-Көмүр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Ташкөмүр шаарчасышаары''' - [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусундагы]] (1943-жылдан) шаар, темир жол бекети. Нарын дарыясынын оң жээгинде, Бишкек — Жалал-Абад автомобиль жолунун боюнда, [[Жалал-Абад шаары|Жалал-Абад шаарынан]] 147 км түндүк-батыш
тарапта, Бишкек шаарынан 450 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 585 м бийиктикте жайгашкан. Ташкөмүр шаарчасынашаарына Шамалдысай, Кызылжар шаарчалары, Теңдик айылы да кирет. Калкы 40,7 миң (2001); көбү кыргыздар (81,4%), ошондой эле орус, өзбек, казак, татар, украин, тажик жана башка улуттар жашайт. Шаардын климаты мелүүн континенттик. Январдын
орточо температурасы —8...—10°С, шамалдын ылдамдыгы 6—8 м/сек, июлдуку 27,5°С. Жылдык жаан чачыны 403 мм.
Аялдар 54%, эркектер 46%ти түзөт. Ташкөмүр шаарчасышаары ушул аймактагы көмүр бассейинин өздөштүрүүгө байланыштуу
пайда болгон. 1930-ж. көмүр кени ачылып, азыркы шаардын ордуна шахтёрлордун кичинекей кыштакчасы курулган.
Көмүр казып алууну тездетүү максатында темир жол салынган. 1935-ж. Ташкөмүр районушаары болуп түзүлгөн. Карамагына азыркы Аксы жана Ноокен районун айрым бөлүктөрү кирген. Негизги өнөр жай тармактары көмүр казуу, гидроэнергетика, химиялык, металлургиялык өндүрүш, тамеки ферменттөө, курулуш, транспорт жана башка. Негизги өнөр жай ишканалары: «Кристалл» мамлекеттик акционердик коому, «Тегене» жоопкерчилиги чектелген коом, «Сарыалтын» акционердик коому, курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы, «Ташкөмүр», «Күч», «Аргымак», «Суусамыр», «Жер азык», «Айылкөмөк», «Ален» акционердик коомдору, «Бакай-майрам» жоопкерчилиги чектелген коому, Гидроболотконструкция, жыгачтан эмерек, буюм жасоочу цех жана башка. Шаарда 2 автотранспорт ишканасы «Аргымак» жана «Буудан» акционердик коомдору) бар. Аларда 200гө жакын адам эмгектенет. Республикалык психоневрологиялык оорукана,маданият уйу,кинотеатр бар. Облустун аймагы кенге бай. Анда кара, түстүү, сейрек ж-а баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, курулуш материалдарынын, химиялык сырьёлордун, асыл жана кооз таштардын кендери, о. эле жер астындагы суулардын бассейндери, ысык жана минералдуу суу-сарайы, телестанция, кинотеатр, китепкана, мечит жана башка; маданий агартуу мекемелери бар. 2001—2002-окуу жылында 12 орто, башталгыч мектеп, 6 бала бакча, кесиптик лицей жайгашкан.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Таш-Көмүр" булагынан алынды