Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
86-сап:
:::Ийгилик айтканыңызга ырахмат, бул мага азыр абдан керек. Жана жазылган макалаларды карап, текшерип атканызга да ырахмат. Бул да болсо, Кыргыз Уикипедиясынын сапатына кайдыгер эмес экенинизди жана мени туура жолго салып жаткынызды билдирет, мунуңузга ыраазымын. Сизге чыдамкайлык жана түшүнүүнү каалайм.
::: Урматтоом менен:--[[Колдонуучу:UlutSoft3|UlutSoft3]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:UlutSoft3|баарлашуу]]) 06:03, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)
 
== Эскертүүлөрдүн жыйынтыгы ==
 
Урматтуу UlutSoft3, сиз мурунку берилген эскертүүлөргө карабастан, эски энциклопедиядан алган макалаларды киргизүүнү улантып жатасыз. Оңдойм дегениңиз менен, мурун катасы бар макалаларды оңдоп-түзөп жатканыңызды байкаган жокмун. Ошол энциклопедиядан алынган жаңы макалаларды киргизүүнү улантуудасыз. Бул энциклопедиядан алынган макалалардын көбү актуалдуулугун жоготкондуктан, алар заманбап толуктоолорсуз бул жакка көчүрүлүп киргизилбеши керек. Бул энциклопедияда советтик ырасмий көз карашка туура келген гана маалыматтар берилгендиктен, маалыматтар тенденциялуу болуп, Уикипедиянын негизги принциби болгон - маалыматтын бейтараптуулугун камсыздоо принциби аткарылбай калып жатат.
Мисал келтирсек, [[Тарыхый-этнографиялык областтар]] макаласынын учурдагы аныктамасы '''маданий аймактар''' же '''тарыхый маданий аймактар''' болушу керек эле. Ал жерде келтирилген маалыматта:
 
''Тарыхый-этнографиялык райондоштуруу үчүн жашоо ыңгайын жана материалдык маданиятты мүнөздөө гана эмес, ой-жүгүртүү стереотиптери, диний түшүнүктөр жана элдик чыгармачылык менен байланышкан рухий маданияттын өзгөчөлүктүү формаларынын да мааниси бар. Маданияттын айрым элементтеринин жана алардын комплекстеринин ареалы көп учурда этностук жана тилдик ареалдар менен дал келе бербейт; бир аймакта түзүлгөн маданият типтери доор алмашкан сайын өнүгүп жана өзгөрүп турат. 16-к. тартып Европада капитализмдин өнүгүшүнүн башталышы менен европалык державалардын Түштүк жана Түндүк Американын өлкөлөрүн, кандайдыр бир даражада Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүн, кийинчерээк Африканы, Австралия менен Океанияны басып алуусу тарыхый-этнографиялык областтардын мүнөзү менен структурасына бир кыйла таасир берген. Маданий жетишкендиктерди (айыл чарба өсүмдүктөрүн континенттер арасында алмашуу, айдоо дыйканчылыгынын таралышы ж. б.) алмашуу кеңейди; товардык-экономикалык байланыштардын таасири өстү.'' - деп, кайрадан эле бул процесске капитализмдин таасирин баса белгилөө аракети көрүнүп турат.
Жана дагы, айтылганы карабастан, бардык макалаларда колдонулган адабиятка так шилтеме берилген жок. Эмне китептен алып, макала кошуп жатканыңарды эч ким так билбейт (орфографиялык жана стилистикалык каталарын айтпаганда). Жыйынтыктап айтсак, кийин оңдойм дегениңиз менен, массалык түрдө кетирген каталарыңыз оңдолбой келет. Ошондуктан, сиз кийин деле бул каталардын баарын оңдоп чыкпайсыз деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан актуалдылыгы жок, колдонулган булактарына так шилтеме берилбеген, массалык түрдө каталардан арылтылбай киргизген макалалардын алдын алуу максатында, сизден мындай аракетти токтотууну суранам жана каталары оңдолбогон макалаларыңыз жакынкы арада жок кылына тургандыгын билдирем. --[[Колдонуучу:Chorobek|Chorobek]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Chorobek|баарлашуу]]) 09:41, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)