Апрель революциясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
94-сап:
 
 Митингчилердин дагы бир тобу Ак үйдөн анча алыс эмес жерде жайгашкан [[Кыргыз Респуликасынын Башкы прокуратурасы|Прокуратуранын]] имаратын тинтүүгө алышып, эшик-терезелерин талкалап, маанилүү иш кагаздары менен кошо имаратты өрттөп салышкан. Өрттөлгөн имарат азыркыга чейин оңдоло элек, бирок имарат толугу менен түртүлүп, ордуна башка имарат тургузулаары белгилүү болгон<ref>[http://kloop.kg/blog/2013/08/16/by-vshee-zdanie-genprokuratury-snesut/ Башкы прокуратуранын мурунку имараты толугу менен түртүлөт].</ref>.
[[Файл:Burning truck bishkek protests.jpg|thumb|252x252px|Ак үйдүн дарбазасын жүк ташуучу унаа менен сүзүп кирүү аракети: айдоочуга жана бензин куюлган бакка ок тийип, унааны өрт каптаган.]]
 
 Андан соң оппозиция [[Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы|КТРКны]] (ал кездеги УТРК) колго алышып, бир канча убакыт бою эфирге чыкпай, пландалган телекөрсөтүүлөрдүн ордуна чукул кырдаал түзүлүп, оппозициянын бир нече лидерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар бүткүл элге кайрылышкан. [[Текебаев, Өмүрбек Чиркешович|Өмүрбек Текебаев]] түз эфирде «бийлик эми толугу менен элдин колуна өткөндүгүн» жана Бишкеке шаарынын комендаты болуп милициянын отставкадагы полковниги Турат Мадалбеков дайындалгандыгын билдирген<ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14410&mode=snews Кыргызстан: УТРКнын эфиринде Ө.Текебаев Бишкектин комендантын дайындоо жана бийликтин элге өтүшү тууралуу маалымат берди.]</ref><ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14404&mode=snews Кыргызстан: Государственное телевидение предоставило эфир представителям НПО и правозащитникам]</ref><ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14407&mode=snews Кыргызстан:Мурда кармалган оппозициянын лидерлери эркиндикке чыгышты, Ак үй талкаланып, Прокуратуранн имараты өрттөнүп жатат.]</ref><ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14409&mode=snews Кыргызстан: В Бишкеке атаковали здание ГСНБ, протестующие подогнали к Дому правительства БТР]</ref>. 
 
 Аянтка укук коргоочулар жана бир нече эл өкүлдөрү келип (Т. Үмөталиева, Т. Акун, К. Иманалиев ж.б.), бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бирок эч кандай майнап чыкпай, ок атуулар улана берген. Митингчилердин аянттан кетпесин түшүнүп, бийлик оппозияциянын өкүлдөрүн четинен бошото баштаган. Биринчилерден болуп Т. Сариев, Т. Мадылбеков, Д. Чотонов, А. Эркебаев, Э. Ибраимовалар эркиндикке чыгышкан. Т.Сариев баштаган митингчилердин жоон тобу УКК имаратына оппозиция лидерлерин бошотуут үчүн барышканда ал жактагы митингчилер менен кошо бир нече мүнөттүн ичинде имаратты колго алышкан. Ал жактан БТРди айдап, кайрадан Ак үйдү алууга аракет кылышканда, БТРдин айдоочусуна снайпердин огу тийип, аны ичинен сууруп чыгарып жаткандарды да снайпер менен атышкан.  

 Борбордук аянтта Мамлекеттик тууну кайтарган Улуттук гвардиянын эки жоокери элдин таш ыргытканына карабай ордунан кетишкен эмес. Алар — Сагынбек уулу Тынчтыкбек жана Адышов Тилек болгон. Адышовдун ичине жана башына таш тийип, баш мээси чайкалган. Козголоңчулар алардын куралын тартып алууга аракет жасаганы менен жоокерлер элге куралын берген эмес жана атайын буйрук берилгенден кийин гана ордуларынан кеткен:     

{{Цитата|Алар (митингчилер) бизди формабызды чечип, өзүлөрүнүн катарына кошулууга чакырышты. Биз алардын кыйкырыктарына маани бербедик. Бир маалда бизди көзой таштар ыргыды, жанымдагы Адышовдун ичине таш тийген жана айнек тосмолор күбүлүп түшүп калган. Таш ыргыган кезде мене буйтаганга үлгүрдүм, бирок төшүмө тийип калды}}

— дейт Сагынбек уулу Тынчтыкбек<ref>[http://www.super.kg/mobile/article/?article=4195 Таш жааса да, милдетинен тайбагандар.]
</ref>.[[Файл:Roza Otunbaeva.jpg|left|thumb|184x184px|[[Отунбаева, Роза Исаковна|Роза Отунбаева]] — оппозициянын лидери жана убактылуу өкмөттүн башчысы]] Ак үйдүн ичинде президент К. Бакиев, премьер-министр Д. Үсөнов, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Ж. Бакиев, КР президентинин аппарат жетекчиси К. Жороев, коргоо министри Б. Калыев, УККнын төрагасы М. Суталинов, транспорт жана коммуникация министри Н. Сулайманов ж.б. кызматкерлер бар болчу. Президент Бакиев Бишкек, Нарын, Талас шаарларында өзгөчө кырдаалды киргизип, комменданттык саат 22.00до башталмак. Бакиев Ак үйдүн ичинде саат 12.00дон 19.00го чеин болгон. Оппозициянын акыркы лидерлерин бошотушкан маалда Бакиев эки джип унаасы менен Ак үйдөн Ала-Тоо аянтына чейинки бомбадан калкалоочу туннель аркылуу чыгып кеткен жана жолдон аларга каршылык көрсөткөндөрдү күзөтчүлөр унаанн терезесинен аткылашкан. Ал эми снайперлер жана милиция кызматкерлери граждандык кийимдерди кийишип, элге аралашып кеткен.  
 
 Ак үйдөн кетээрде имаратты жана Президенттин кабинетин миналап (мина коюп) кетишкен. Аны убагында байкап калган адамдар миналарды иштен чыгаршкан.  
Line 106 ⟶ 113:
 
=== 8 апрель ===
8 апрель күнү Ош шаарында Бакиевди коргогондор жана каршы тургандар ортосунда кагылышуу болгон. Өлкөнүнөлкөнүн түштүгүнө качкан президент өзүнүн жүргөн жерин жашынып, чет элдик ММКларга берген мегинде бийликтен кетпе тургандыгын билдирген. Анын айтымында өлкөдө "гуманитардык катастрофа" болуп, көчөгө автомат менен эркин басып калган куралдуу топторду жана абалды турукташтырууга жаңы өкмөттүн күчү жетпейт болчу. Жана дагы убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген.
 
Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров Курманбек Бакиев отставкага кеткени жаткандыгы тууралуу маалымат берген<ref>[http://www.ekhoplanet.ru/statements_528_5029 Президент Киргизии Курманбек Бакиев подает в отставку]</ref>. Бакиевдин жолдогон жеке катында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөбөйт, бирок отставкага кетпей тургандыгы жазылган<ref>[http://www.ferghana.ru/news.php?id=14429&mode=snews Кыргызстан: дагы деле кете элек президент Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасады.]</ref><ref>[http://web.archive.org/web/20100410181833/http://www.france24.com/en/20100408-kyrgyzstan-bishkek-opposition-protests-ousted-president-bakiyev-refuses-resignation Бакиев бийликтен кетпей тургандыгын билдирди] </ref>.
Line 144 ⟶ 151:
 
== Бакиевдин Кыргызстандан качышы ==
[[Файл:Kurmanbek Bakiyev's resignation letter.jpg|left|thumb|Курманбек Бакиевдин отставкага кетүүсү тууралуу арызы]]
15 апрель күнү Курманбек Бакиев Оштун борбордук аянтында 2 миңден ашуун талапкерлери менен митинг өткөргөн. Ошол эле учурда аянттын башка бурчунан ага каршы чыккан топ менен Бакиевди колдогондор ортосунда кагылшуу болуп, асманга ок атылган учурда Бакиевдин жактоочулары сахнадан сүйлөп жаткан жеринен алып түшүшүп, Жалал-Абадга качып кетүүсүнө жол беришкен<ref>[http://www.france24.com/en/20100415-gunfire-breaks-bakiyev-rally-cover-rival-crowd-kyrgyzstan-osh Выстрелы разбивает про Бакиеву митинг на юге Кыргызстана] </ref><ref>[http://news.bbc.co.uk/2/hi/asia-pacific/8621492.stm Кыргызстандын экс-башчысы К.Бакиевге ок атылды.] </ref>.
 
Бир нече сааттан кийин Казакстандын ТИМнин пресс-катчысы билдиргендей, Бакиев Жалал-Абаддан Тараз шаарына келип конгон. Бул иш-аракеттер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШнын президенти Барак Обама жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин кийлигишүүлөрү менен болгон. ЕККУ Бакиевдин Казакстанга келишин жылуу кабыл алып, бул кадамды «өлкөдөгү курч кырдаалды жөнгө салууда жана мыйзамдуу бийликти орнотуу, Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетпөөсү» үчүн жасалган деп билдирет.
 
Үч өлкөнүн президенти Вашингтондогу өзөктүк коопсуздук саммитинде Кыргызстандагы абал тууралуу талкуулашканын АКШнын мамлекеттик департаменти билдирген.
 
15 апрель күнү кечинде Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине К. Бакиев отставкага кеткендиги тууралуу официалдуу кат жөнөткөн. Бакиев өзүнүн отставкага кетүүсүн «өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон кадам» деп билдирди. Р. Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, Кыргызстанды «жарандык согушка алып келишти» деп айыптап чыккан.
 
19 апрель күнү [[Казакстандын Тышкы иштер министрлиги|Казакстандын ТИМи]] Бакиевдин белгисиз тарапка учуп кеткендиги тууралуу маалымат берген. Бир күндөн кийин, 20 апрелде Беларусиянын президенти [[Лукашенко Александр Григорьевич|Александр Лукашенко]] Бакиев жана анын үй-бүлөсү (бардыгы болуп 4 адам) менен 19 апрелди Минскте өткөргөндүгүн билдирген. Беларусиядан баш калкалоо сурап, өзүнүн отставкасын моюнга албай, дагы деле өлкөнүн мыйзамдуу президенти деп эсептеп, коомчулукту Убактылуу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө чакырган.
 
== Видео ==
* [https://www.youtube.com/watch?v=Kk5N9-YQFck 7 апрелдеги борбордук аянттагы митинг]
* [http://www.youtube.com/watch?v=CGj-W8tdPBE Кыргызстандагы окуялар. 06.04.2010]
* [https://www.youtube.com/watch?v=za83GomnFEA Кыргызстандагы төңкөрүш: чындыгында бардыгы канда болгон]
* [https://www.youtube.com/watch?v=aitiqWbAtZU Таласта башталган митинг]
 
== Дагы көрүңүз ==
* [[Кыргызстандагы төңкөрүш (2005)]]
* [["Аксы" окуясы|Аксы окуясы (2002)]]
 
== Эскертүүлөр ==