Кыргыз тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
48-сап:
===Азыркы кыргыз тили===
Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к. [[Молдо Кылыч]], [[Молдо Нияз]], [[Тоголок Молдо]] ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде ѳз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда ѳз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу ѳз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. [[Тыныстан уулу, Касым|К.Тыныстан уулу]], [[Арабаев Ишеналы|И.Арабаев]], [[Солтоноев, Белек|Б.Солтоноев]] ж.б. илим адамдары ѳз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, [[1940]] жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу [[Кыргыз тилин орфография эрежелери]] да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.
 
Азыркы учурда, орустар мурдагыдай эле негизги тил ири шаарларда сыяктуу [[Бишкек]] ошол эле учурда Кыргыз мурункудай эле позициясын жоготот, айрыкча арасында жаш муундарды.<ref name="Ferdinand and Komlósi">{{cite web|url=http://www.academia.edu/27246121/Vitality_of_the_Kyrgyz_language_in_Bishkek |title=Ferdinand, S. & Komlósi, F. 2016. Vitality of the Kyrgyz Language in Bishkek |publisher=IJORS 5-2, pp.210-226 |date= |accessdate=10 September 2016}}</ref>
 
== Ариптери ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кыргыз_тили" булагынан алынды