Айтыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
10-сап:
[[Айтыш]] өнөрүнө Токтогул идеялык-эстетикалык жаңы принциптерди кийирди. Ал айтыштарда уруучулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турду. Өз айтышында учурашуу, калың элдин көңүлүн ачуу, эзүүчү менен эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылтты. Табышмак айтышта акындар бири биринин турмуштук, философиялык диний маалыматтарын сынап көрүшсө, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. [[Токтогул Сатылганов|Токтогул]], Эшмамбет, Эсенаман, [[Барпы Алыкул уулу|Барпы,]] Калык сыяктуу акындар айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Советтик мезгилде айтыш өнөрүн Калык, Алымкул, Осмонкул баш болгон акындар өнүктүрдү.
 
Азыр айтыш элдик турмушту кеңири чагылтып, кемчилигин сындаган [[Публицистика|публицистика]]лык салтанаттуу трибунага айланды. айтыштын мазмуну совет адамдарынын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгегин; тынчтыкты даңазалоо болуп калды. Форма жагынан айтыш салтанаттуу келип, майрамдарда театр сахналарында аткарылат, радио-телевидение, газета-журнал аркылуу тарайт. Юмор, күлкү, тамаша арбын колдонулуп, сөзсүз жеңишке жетишүү аракети жок, анын ордуна жыйынтык чыгарылып, айтышкандар бир бүтүмгө келишет.
 
1922-ж. Союз Кошчунун салтанаттуу жыйынында Калык менен Осмонкулдардын айтыштары, 50-жылдарда Алымкул менен Осмонкулдун совхоздор жөнүндөгү, Ысмайыл менен Токтонаалынын тамашалуу, [[Эстебес Турсуналиев|Эстебес]] менен Токтосундун юбилейлик айтыштары белгилүү. айтыштын формасын профессионал акындар да колдонуп келишти. Айтыш өнөрү акындык таланттын, төкмөлүктүн, акындык ойлоонун татаал табиятын изилдөөдө [[Илимий техникалык оптимизм|илимий]]-практикалык зор мааниге ээ. Анткени бул көрүнүштөр нукура белгилери менен дал ушул айтыш процессинде ачык байкалат. [[Айтыш]] казак элинде да кеңири өнүккөн. Көркөм сөз өнөрүндө мелдешүүнүн түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мисалы байыркы гректерде, арабдарда; япониялыктарда, индиялыктарда, тажиктерде, өзбектерде ж.б.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айтыш" булагынан алынды