Гейдар Алиев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Heydar Aliyev 1997.jpg|thumbnail|Гейдар Алиев, 1997]]
'''Алиев Гейдар АлиАлирза Рзаоглу ОглыАлиев''' (10. 5. 1923, Нахичеван шаары - 12. 12. 2003, Кливленд, АКШ) саясий жана мамлекеттик ишмер, Азербайжан Республикасынын Президенти (1993-2003), Социалистик Эмгектин Баатыры (1979, 1983). [[Азербайжан]] элинин жалпы улуттук лидери.
 
Азербайжан мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1941-49-ж. мамлекеттик коопсуздук органдарында жана Нахичеван АССР Министрлер Советинде жооптуу кызматтарда, 195064-ж. Азербайжан ССРинин Ички иштер министрлигинде жана Министрлер Советине караштуу мамлекеттик коопсуздук комитетинде жетекчи кызматта, 196467-ж. Азербайжан ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин председателинин орун басары, 1967-жылдан председатели. 1969-82-ж. Азербайжан КП БКнын биринчи секретары, 1982-87-ж. СССР Министрлер Советинин 1-орун басары, 1991-93-ж. Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Жогорку межлисинин председатели, 1993-жылдан эгемендүү Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы, Президенти болгон. Алиев президенттик кызматты аркалаган учурда ички саясий стабилдүүлүккө жетишип, чет элдик инвестициялардын келишин камсыздаган жана өлкөдө экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаал түзүлгөн. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.