Синтаксис: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 81 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q37437 (translate me)
No edit summary
1-сап:
'''''Синтаксис''''' ([[Грек тили|грек]]. [[syntaxis]]''түзүлүш, тартип'') – [[Тил илими|тил илиминде]], сүйлөмдүн түзүлүшүн, сөз айкашын жана сүйлөм мүчөлөрүн окутуучу [[Грамматика|грамматиканын]] бир бөлүмү.
 
[[Логика илими|Логикада]] формалдаштырылган тилдин формалдуу бөлүкчөлөрүн окуп үйрөнүү. Мындай окуп үйрөнүүнүн объектиси катары каралып жаткан эсептөөлөрдүн (формалдык системанын) [[Алфавит|алфавити]], предметтик тилдин (объект-тилдин) туюнтмаларын (''формаларын'') уюштуруу (кара: [[Метатил]]), андагы кайра түзүүлөрдүн эрежелери жана эсептөөлөрү ([[Жыйынтык чыгаруу эрежеси|''жыйынтык чыгаруу эрежеси'']]) кызмат кылат. Кайсы бир белгилүү формалдык системанын синтаксистик касиетин айрым атайын каражаттар аркылуу ([[Математика|математикалык]] изилдөөлөрдө кабыл алынгандай; кара: [[Метатеория]]) үйрөнүү элементардык Синтаксис деп аталат.
 
Теоретикалык Синтаксис – бул аппаратына адатта эч кандай чектөө коюлбаган кайсы бир белгилүү түрдүн баардык мүмкүн болгон формалдуу системаларынын жалпы теориясы. Элементардык жана теоретикалык Синтаксис кадыресе мазмундук жактан түшүнүктүү тил менен иш жүргүзөт. Синтаксиске алгач негиз салгандардын бири грек окумуштуусу А. Дискон (2-к.) болгон. [[Тил илими|Тил илиминин]] өнүгүшүнүн ар түрдүү мезгилдеринде Синтаксиске ар башка аныктамалар берилип, анын милдети ар кандай түшүндүрүлүп келген.
 
Алгач Синтаксис сүйлөм жана анын бөлүктөрү жөнүндөгү окуу деп эсептелип, ал сүйлөмдү талдоо логикага тиешелүү болгон. 19-кылымдын экинчи жарымында тилдин улуттук өзгөчөлүгү изилденип, ал [[Морфология|морфологияга]] байланыштуу каралгандыктан, Синтаксис сөз айкашы жана сөз түркүмдөрүнүн сүйлөмдө аткарган милдети жөнүндөгү окуу катары эсептелген, тактап айтканда ал сөз түркүмдөрүнүн эле Синтаксиси болуп, сүйлөм өзүнчө бирдик катары каралган эмес.
 
Синтаксисти азыркыча түшүнүүнү грек окумуштуусу И. Рис баштап аны В. Матезиус уланткан. Ал Синтаксисти тилдик номинациялык бирдиктердин айкалышы жана анын ыктары жөнүндөгү окуу деп караган. Мында сөздөрдүн айкалышуу мүмкүнчүлүгү – [[Синтагматика|синтагматикалык]] Синтаксис, ал эми сүйлөм жөнүндөгү окуу – сүйлөмдүн Синтаксиси болот. Синтагматикада сүйлөмдөгү сөздөрдүн синтаксистик байланышуу жолдору, ал эми сүйлөмдүн Синтаксисине предикативдик байланыш, модалдуулук, коммуникативдүүлүк, сүйлөм мүчөлөрү жөнүндө окуу кирет.
11-сап:
 
== Колдонулган адабияттар ==
*[[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]] / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
[[Category:Философия]]
[[Category:Тил]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Синтаксис" булагынан алынды