Сандык кырка тоосу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м UlutSoft6 moved page САНДЫК КЫРКА ТООСУ to Сандык кырка тоосу |
No edit summary |
||
1-сап:
Айланасындагы өрөөндөрдүн таманынан 800–1000 м бийиктикте көтөрүлүп жатат. Батыштан чыгышка карай жапыздап, Кочкор өрөөнүндө бөксөлүү майда адырларга (Акучук, Айгыржал) өтөт. Тоонун кыры негизинен тайпак, тик чокулар аз, айрым жерлеринде түбөлүк кар м-н мөңгүлөр кездешет. Тоонун түш.-батыш тарабында, 3307 м бийиктикте чакан Сарыкөл көлү жайгашкан. Андан Түгөлсайдын оң куймасы Корумду башталат. Тоонун түн. капталы батышында (Жалпакташ ж-а Кумбел сууларынын ортосу) жантайыңкы, Сандык өрөөнчөсү бар; чыгышында тик, Кумбел, Сарык капчыгайлары м-н тилмеленип, Сөөк суусунун таманына чукул түшөт. Түш. капталы тик ж-а кыска, майда капчыгайлуу. Мал айдоого ыңгайлуу Окторкой, Кумбел, Сандык сымал ашуулары бар. == Колдонулган адабияттар ==
Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
[[Категория:География]]
|