Эрктин эркиндиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Эрктин эркиндиги''' (Свобода воли) – адамдын өз иш-аракетин өзү аныктоо жөндөмдүүлүгү.
 
ЭРКТИН ЭРКИНДИГИ (Свобода воли) – адамдын өз иш-аракетин өзү аныктоо жөндөмдүүлүгү. Байыркы грек маданиятында Э.Эрктин э.эркиндиги философиялык түшүнүккө караганда юридикалык түшүнүктү көбүрөөк билдирген. Эркин адам – бул өзүнүн ата-бабаларынын жеринде жашап жаткан адам, анын карама-каршысы – бөтөн жерге алынып кетип, кулга айланган согуш туткуну. [[Гомер|Гомердин]] доорунда эркин адам – бул мажбурлоосуз, өзү каалагандай жүргөн адам. Эркиндиктин эң бийик көрүнүшү – тагдырды жеңип чыккан кудайга тете каармандар болгон [[Сократ (философ)|Сократтан]] бери келе жаткан талаш-тартыш – бул адамдын эрки алдын-ала шартталган, аныкталган көрүнүшпү же андай эмеспи деген суроо. Эгер адамдын ар бир иш-аракети алдын-ала аныкталып, аны өзгөртүүгө болбосо, анда аны күнөөлөөгө да, урматтоого да болбойт. Бирок эркти моралдык иш-аракеттердин «акыркы натыйжасы» м-н байланышсыз кароо – табияттагы себеп – натыйжаны тааныган илимий көз карашка туура келбейт. Канттын дуализминде адам акыл-эстүү жандык катары Э. э-не ээ, бирок табият мыйзамдары үстөмдүк кылган эмпирикалык дүйнөдө ал эркин эмес, Э.Эрктин э-гиэркиндигиги чектелген, жүйөлүү себептер м-н шартталган. Диний түшүнүктөрдө адам «кудай менен бириккенде», тактап айтканда өзүн толук ага арнаган кезде гана эркин болот дешкен. Ар түрдүү доорлордо адам жакшы иштерди жасаганда гана (Сократ, Платон); максатына жетүү үчүн жакшы ыкма-билимдерди туура тандап алганда (Аристотель); өзүнүн иш-аракеттерин табият мыйзамдарына же өзүнүн эркине баш ийдиргенде (Посидоний), ж. б. гана эркин болот дешсе, айрымдары адамдын иш-аракети толугу м-н Кудайдын эрки м-н болот (Лютер, Кальвин) деп эсептешкен, Локк болсо, эркиндик – бул аң-сезимдүү түрдө аракет кыла билүү дейт, ж. б.
 
==Колдонулган адабияттар==
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
 
[[Category: Философия]]