Триумвират: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Триумвират''' (лат. triumviratus, trim - үч жана vir - эр дегенден) Байыркы Римде: * 1) атайын..."
(Айырма жок)

19 ноябрь 2016, саат 17:48 учурдагы нуска

Триумвират (лат. triumviratus, trim - үч жана vir - эр дегенден)

Байыркы Римде:

  • 1) атайын максатта дайындалган же шайланган үч адамдан турган коллегия (мисалы., б. з. ч. 133-ж. Тиберий Гракхтын жер реформасын жүргүзүү үчүн);
  • 2) жарандык согуш мезгилинде (б. з. ч. 1-к.) мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн таасирдүү саясий ишмерлер менен кол башчылардын союзу.

Биринчи Триумвират б. з. ч. 60 (же 59)-53-ж. Ю. Цезарь, Г. Помпей, М. Красстын ортосунда түзүлүп, ага Ю. Цезарь жетекчилик кылган. Алар легиондорго таянган. Биринчи Триумвират түзүлгөнден көп өтпөй эле ал Рим өкмөтүнө айланган. Б. з. ч. 53-ж. М. Красе өлгөн соң Г. Помпей менен Ю. Цезардын каршылашуусунан 1- Триумвират жоюлган. Экинчи Триумвират б. з. ч. 43-ж. Ю. Цезарь өлгөндөн кийин башталган жарандык согуш убагында Октавиан, М. Антоний, М. Лепиддин ортосунда Ю. Цезарды өлтүрүүчүлөргө каршы түзүлгөн. Ал 1Триумвираттан айырмаланып, коминия менен бекип, триумвираттар «мамлекеттик пштерди уюштуруу үчүн» деген атайын полномочие алган. Б. з. ч. 36-ж. пчки карама-каршылыктардын натыйжасында ал да жоюлган.


Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.