Тайвань: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Абдырашит Сатылганов moved page Тайвань to Тайвань аралы: Тайвань деген өлкө менен адаштырбоо үчүн

No edit summary
1-сап:
{{Мамлекет
#REDIRECT [[Тайвань аралы]]
|Негизделген=
|Кыргызча аталышы=Тайвань (Кытай Республикасы)
|Расмий аталышы ={{lang|zh|中華民國}}
(Zhōnghuá Mínguó)
|Кыскача аталышы = Тайвань
|Мамлекеттик дини =
|Герб=Republic of China National Emblem.svg
|Желек=Flag of the Republic of China.svg
|Гимндин аталышы=
|Башкаруу формасы =Аралаш республика
|Картада=Taiwan (orthographic projection; southeast Asia centered).svg
|CoordScale = 2000000
|lat_dir =N |lat_deg =23 |lat_min =50 |lat_sec = 0
|lon_dir =E |lon_deg =120 |lon_min =56 |lon_sec =0
|region =TW
|CoordScale =
|Талашта = Ооба
|Тили=[[Кытай тили|кытайча]] ,
[[Гоюй тили|гоюй]]
|Эгемендүүлүк күнү= [[10 октябрь]] [[1911]]
|Эгемендүүлүгүн алды=
|Борбор шаары= [[Тайбэй]]<ref>[http://www.gio.gov.tw/taiwan-website/abroad/ru/glance/ch12.htm Government Information Office]</ref>
|Ири шаарлар =[[Гаосюн]], [[Тайбэй]]
|Башчыларынын милдеттери= [[Тайвань Республикасынын президенти|Президент]]
[[Вице-президент]]
[[Тайвань Республикасынын премьер-министри|Премьер-министр]]
|Башчылары= [[Цай Инвэнь]]
[[Чэнь Цзяньжэнь]]
[[Линь Цюань]]
|Аянты боюнча орду= 134
|Аянты=35 980
|Суу пайызы = 10,3
|Калкы боюнча орду = 51
|Калкы={{өсүү}}23 299 716<ref>{{cite web|url=http://www.census.gov/population/international/data/countryrank/rank.php|title=Country Rank. Countries and Areas Ranked by Population: 2013|author=Census.gov|date=2013|publisher=U.S. Department of Commerce|accessdate=2013-05-09|archiveurl=http://www.webcitation.org/6GUHbJYCI|archivedate=2013-05-09}}</ref>
|Калкты каттоо жылы = 2013
|Калктын жыштыгы={{Өсүү}} 648
|ИДП (САМ)=929,5 млрд
|ИДП (САМ) эсептөө жылы=2013
|ИДП (САМ) боюнча орду=20
|ИДП (САМ) ар бир жанга =
|ИДП (номинал)=
|ИДП (номинал) эсептөө жылы =
|ИДП (номинал) боюнча орду =
|ИДП (номинал) ар бир жанга = 39 767
|Акча бирдиги=[[Жаңы тайвань доллары]]
|АДӨИ=
|АДӨИ эсептөө жылы =
|АДӨИ боюнча орду =
|АДӨИ деңгээли =
|ЭОК = TPE
|Этнохороним =
|Домени = [[.tw]]
|Телефон коду =886
|Убакыт аралыгы = /GMT+8
|Штрих коду =

'''Тайвань, (Кытай Республикасы)''' ({{Кытайча|中華民國|中华民国|Zhōnghuá Mínguó|Чжунхуа Миньго}} — Кытайдын аймагына кирген, бирок өз алдынча башкарууга ээ провинция. Кытайдын чыгышында, Тынч океандагы аралда жайгашкан.Борбору – Тайбэй шаары.Аянты – 35 834 чарчы чакырым ([[Кыргызстан|Кыргызстандан]] 5 жарым эсе кичине).Калкынын саны – 23 299 716 (2013-жылга карата). 98 пайызын этникалык кытайлар, 2 пайызын гаошань аборигендери түзөт.
==Тарыхы==
Бул аралдар тууралуу Кытайдын тарых барактарында 200-жылдардан тарта жазылган. VII кылымдан тарта материк менен аралдын ортосундагы байланыш түптөлүп баштап, XII кылымдан тарта Тайвань расмий түрдө Кытайдын карамагына киргизилет. Анда деңиз аймактарын коргоо максатында кытайлар бул аралга аскер жеткирип, аралдын түпкү жашоочулары – гаошань уруусун тоолуу аймактарга сүрүп салышкан.
XVII кылымдан тарта Тайванды басып алуу максатында Япония, Португалия, Испания жана Нидерланды өлкөлөрүнүн аскерлери ар жылдары кол салып турушкан. Жыйынтыгында бул аралга Нидерланды 20 жылдай ээлик кылганы менен, 1683-жылы Цинь империясы кайрадан Тайванды тартып алат. Тынч океанындагы тынч эмес аралды талашуу маселеси 1895-жылы жаралып, 50 жылдай арал Япониянын карамагында да болот. II дүйнөлүк согуштан соң Тайвань Кытайдын карамагына өтөт.
1949-жылы жарандык согушта Коммунисттик партиядан жеңилген Улуттук партиянын ("Гоминьдан") кол башчысы Чан Кайши Тайванда жашынууга мажбур болгон. Аны менен чогуу "Гоминьдан" партиясынын мүчөлөрү, администрация менен парламенти аралга качышкан. Кытайдан качкандардын жалпы саны 2 миллионго чукул болгон. Аралга Чан Кайши жетектеген "Гоминьдан" партиясынын диктатурасы орногон.
==Өнүгүү жолу==
Кытай Республикасы аралга 1949-жылдан ээлик кылгандан тарта өнүктүрүү иштерин жүргүзүү биринчи максат экенин түшүнүшкөн. Мао Цзедун Кытай Эл Республикасын социализмге багыттаса, Чан Кайши АКШ менен алака түзгөн. Мунун жыйынтыгында АКШ бир канча жылга финансылык жардам көрсөтүү менен Тайванга субсидия берген.
Ошондой эле америкалык экономист Вольф Ладежинскийдин жардамы менен агрардык реформа жүргөн. 1953-жылы "Талаа – дыйканга" деген ураандын негизинде бийлик ири жер ээлеринен мажбурлоо менен сатып алып, аны дыйкандарга узак мөөнөткө ижарага берген. Түшүмдү дыйкан каалагандай пайдалана алса, жерин саткандар инвесторго айланышкан. "Гоминьдан" партиясынын бийлиги жергиликтүү эл үчүн мүмкүнчүлүк түзүү менен аралдын социалдык-экономикалык абалын көтөрө аларына көзү жеткен. 1965-жылдан тарта эле Тайванга эч кандай субсидия кереги жок болуп калган. Өлкөдөгү экономикалык өсүү 1953-жылдан тарта жылына 8 пайыздан өсүп турган.
Сингапурдун премьер-министри [[Ли Куан Ю]] Тайвандын өнүгүшүн минтип эскерет: "1973-жылдан 1990-жылга чейин Тайванга жылына 1-2 жолу каттап турчумун. Бул аралдын кыска аралыкта өнүгүүсү мени бир четинен таң калтырса, бир четинен дем берип турчу. Арзан жумушчулардын эсебинен айыл чарба, текстиль өндүрүшүн, кийим-кече жана спорттук бут кийимдерди чыгаруу менен айырмаланып жатты. Тайванда кымбат баалуу медицина китептерин пираттык негизде басып чыгарып, аны кайра текейден арзан баада сатышчу. Кийинчерээк ушул эле китептер лицензиясы менен, сапаттуу кагаздарда чыгып, башка өлкөлөргө сатылып баштады. Андан соң микросхема, компьютердин тетиктерин жана башка технологиялык продуктыларды чыгарып баштады. Гонконг менен Тайвань ушунчалык бат өнүгүп кете алса, эмне үчүн мындай иш сингапурлуктардын колунан келбейт деп ойлочумун".
Экономиканын өнүгүүсү менен ички саясий абал да турукташып, Тайвань "Азиядагы 4 жолборстун бири" атала баштаган.
==Учурдагы Тайвань==
Кытай жана япондордун каны аралашкандыктан тайвандыктар иштерман болушат. Батыштын модернизациялык таасири да жөн калган эмес. Тайвань коомчулугунда бай жана орто класстагы элдин айырмасы дээрлик байкалбайт. Себеби тайвандыктардын көпчүлүгү дыйкандар жана жумушчулар. Элдин жашоо деңгээли жогору, ар бир жаранга ылайыкталган ички дүң продукциясынын көлөмү
39 767 доллар, кытайдыкынан 4 эсе жогору.
Тайвань Түштүк-Чыгыш Азияга көптөгөн товар экспорттойт, аралда 6 атомдук станциянын блоктору курулган. Жогорку технологиянын дээрлик көпчүлүк тетиктери чыгарылат жана спорттук яхталарды куруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ошондой эле спорттук кийим жана шаймандарын чыгаруу боюнча лидерлик сапта. Чийки зат, азык-түлүк жана ар кандай жабдуулар Тайванга импорттолуп, кайра даяр заманбап өнөр жай продукциялары экспорттолуп турат.
Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Эл Республикасы Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу "мураскери" катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экендигин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тайвань" булагынан алынды