Рене Декарт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
6-сап:
Ал математик жана философ болгон, өзүнүн алдына философияны далилдүү билимдердин кыйшайбас негизинде кайрадан түзүп чыгууну милдет кылып коёт. Коллежде алган жана ошол кездеги философиянын абалын чагылтып турган бардык билимдерге таптакыр канаттанбагандыктан бардык өткөндөгү традицияларды кайрадан карап чыгууга умтулган, бирок, Бэкондон айырмаланып, тажрыйбага эмес, акыл-эске кайрылган. Математиканы философияны кайрадан түзүп чыгуу үчүн негиз деп эсептеп, математикага көп күч-аракет жумшап эмгектенет.<br />
Ал өзүнүн ишмердигинин бүткүл жүрүшүндө жандуу карым- катнашта болуп турган достору, атап айтканда, Мерсенн да анын бул аракетин колдошот. Анын айланасында кызыкчылыктарынын жалпылыгы боюнча достордун ийрими пайда болуп, кийин ал Франциянын Илимдер академиясына өсүп чыгат.
15291629-жылы Нидерландыга көчүп келет, анын өмүрүнүн жана ишмердигинин негизги бөлүгү ушул жерде өтүп, мында 20 жылга жакын жашап турат.<br />
Өзүнүн бир чыгармасында Декарт кабинеттик окумуштуулук ага жакпай тургандыгын жана бардык нерсени «дүйнөнүн улуу китебинен жана өзүңдөн» табууга боло тургандыгын жазган экен, ал бүткүл өмүр бою бул принцибинен жазган эмес. Баарынан мурда ал дүйнөнү иликтеп-үйрөнөт, убакытты текке кетирүүгө болбойт деп эсептеп башка авторлордун чыгармаларын аз окуйт. Декарт экспериментатор жана изилдөөчү болгон, Галилейге окшошкон, ошондуктан ал практикада колдонула турган нерселерди бере ала тургандардын баарын иликтөөгө умтулган, бул жагынан ал философ гана болбостон, эң ири окумуштуу да болгон. Ал — азыркы алгебраны жана аналитикалык геометрияны түзгөн жана механиканы түзүүчүлөрдүн бири болгон. Декарт — жарыктын сынуу мыйзамынын автору, ал физиология, психология жана физика үчүн көп нерселерди жасаган.<br />
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рене_Декарт" булагынан алынды