Ай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Undo revision 248618 by 91.192.66.141 (talk)
Undo revision 248617 by 91.192.66.141 (talk)
15-сап:
|'''Массасы (m)''' || 7,3477×1022 кг
 
Айдын Жерди айлануу мезгили өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, дайыма анын берки бети көрүнүп, аркы бети көрүнбөйт. Аркы бетинин эки жаккы четтеринин бир аз бөлүктөрү алмак-салмак көрүнүп турат. Айдын аркы бетинин картасы жана биринчи Ай глобусу 20-кылымда эле советтик астрономдор тарабынан түзүлгөн. 1959-ж. советтик “Луна-3” автоматтык планета аралык станциясы Айдын аркы бетин сүрөткө тарткан. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телефотография болуп эсептелет. 1969-ж. космонавттар Н. Армстронг менен Э. Олдрин Айдын бетине конуп, биринчи кадамдарды жасашкан.
 
'''Ай деңиздери''' – Айдын бетинин күңүрт тарткан аймагынын аты. Ал Айдан орточо деңгээлинен төмөн жайгашкан, топурагынын теги Жердин базальтына окшош. Ай деңиздери Айдын бетинин 16%ин ээлейт, жашы 3–4,5 млрд. жылга барабар.
 
'''Айдын айлануусы''' – Айдын өз огунда айлануусу. Ал Жерди айланып чыгуу мезгилинин 27,32 жер суткасын түзүп, эки кыймылда болгондуктан анын бир жарым шары дайыма Жер тарапты карайт. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат.
 
'''Айдын альбедосу''' – Айдын түшкөн жарык нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Айдын бетинин чагылдыруусу 7%ти түзүп, көк түстөгү нурга караганда кызыл түстөгү нурду көбүрөөк чагылдырат,к. Альбедо.
 
'''Айдын [[атмосфера|атмосферасы]]''' – Айдын бетинин орточо температурасы 130°Сге жете ысыйт, жеңил газ молекулалары 2,4 км/сек ылдамдыкка жетет жана Айдын бетиндеги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секга барабар. Айда Жердеги сыяктуу атм-ра, суу жана шамал болбойт, анын бетинде [[метеорит]]тердин жана жанар тоолордун издери жакшы сакталган.
 
'''Айдын бетинин температурасы''' – күндүзү өтө жогорулап экваторунда чак түштө + 177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тартып – 153°Сден – 173°Сге чейин төмөндөйт.
 
'''Айдын галосу''' – Айдын дискасынын аймагынан же ага жакыныраак жерден байкалган тегерек же тоо формасындагы жаркыраган жарык. Ал абадагы майда муз кристаллдарынан Күн нуру чагылганда жана сынганда пайда болот.
 
'''Айдын глобусу''' – бетине ай координатасынын торчолору, [[экватор]]у, [[меридиан]]дары жана Айдагы [[кратер]]лер, [[деңиз]]дер, [[тоо]]чолор, ойдуңдар ж. б. тартылган шар. [[Глобус]]тун огу Айдын айлануу огу менен дал келип, жогору жагы түндүк, төмөн жагы түштүк уюлу делет. Анын селенографиялык кеңдиги ай экваторунан эсептелип, мааниси түндүк уюлду көздөй оң, түштүк уюлду көздөй терс болот да, b тамгасы менен белгиленет. Экинчи координаты – селенографиялык узундук, эсептөөнүн башталышы Местинг
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ай" булагынан алынды