Витамин жетишсиздиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Undo revision 250308 by 185.117.148.31 (talk)
 
1-сап:
Пери Жан '''Витамин жетишсиздиги''' — [[Организм|организм]]дин [[Тамак-аш|тамак-аш]]та витамин жетишпегендиктен, аларды начар сиңирүүдөн же ичеги микро[[Организм|организм]]деринин аз синтезделишинен болуучу оорулуу абалы. Вуга витамини аз, бир түрдүү тамактануу (айрыкча тазартылган, кургатылган жана консерваланган продуктулар менен), натыйжада [[Организм|организм]]ге углеводдун көп, жаныбар белогунун жана майдын аз келиши, жашылча менен жемиштин жок болушу же аларды туура эмес сактоодон витаминдеринин бузулушу (к. Витаминдер) себеп болот (экзогендүү В. ж.). Ошондой эле В. ж-не организмдин функциясынын бузулушунан ичеги-карын жолунда витаминдердин өзгөрүшү жана жакшы сиңбей калышы түрткү болот (эндогендүү В. ж.).
Кээ бир антибиотиктерди, сульфаниламид жана башка дарыларды врач менен кеңешпей көпкө колдонуу да витаминдерди бузат жана синтезин төмөндөтөт. [[Организм]] витаминди өтө көп талап кылган учурда да Витамин жок болушу мүмкүн, мисалы, күч жана акыл эмгеги менен көп иштөө, нерв-[[Эмоциялар|эмоция]]лык чарчоо, муздак жана ысык абанын таасири, кычкылтек жетишсиздиги (к. Гипоксия) кош бойлуу жана бала эмизген учур жана башка.
Витаминдердин бир аз жетишсиздиги гиповитаминоз деп аталып, мында көбүнчө оорулуунун жалпы абалы начарлайт, алы кетет, бат чарчайт, урушчаак болуп, уйкусу качат, ишке жөндөмдүүлүгү, тамакка табити начарлайт. Эгерде муну өз убагында дарылоо чаралары көрүлбөсө витаминдин толук жетишсиздиги — авитаминоз өөрчүйт. Авитаминоз өзүнчө клиникалык даана белгилери менен мүнөздөлөт.
11-сап:
Витамин жетишсиздигинин белгилери жана дарылоосу кайсы витамин жетишпегенине жараша болот (Витаминдер. Витамин менен дарылоо).
Витамин жетишсиздигин алдын алуу биздин өлкөдө жалпы [[Мамлекет|мамлекет]]тик маселе катары чечилет. [[СССР]]де [[Советтер Союзу|Совет]] бийлигинин жылдарында эл чарбасынын жаңы тармагы — витамин өнөр жайы өсүп чыкты, ал витаминдерди, анын препараттарын жана витамин концентраттарын чыгарат. [[Мектеп]]ке чейинки балдар мекемелеринде, [[Мектеп|мектеп]]-интернатта, төрөт үйүндө, ооруканада даяр [[Тамак-аш|тамак]]ты витаминдөө жүргүзүлөт. Тамак өнөр жайынын ишканалары массалык керектелүүчү кээ бир тамак азыктарын витаминдейт: унга — тиамин, риофлобин, никотин кислотасы; сүт жана кантка — аскорбин кычкылы; маргаринге ретинол кошулат. Балдар коллективинде 3 жашка чейинки балдарга берилүүчү сүткө ретинол, аскорбин кислотасы, холекальциферол кошулат.
[[Организм]]ге зыяндуу ишканаларда иштегендердин тамагын витаминдөөнүн мааниси чоң. Витамин жетишсиздигинин алдын алууда негизинен [[Тамак-аш|тамак-аш]]тын составында витаминдер жетиштүү болушуна маани берүү зарыл. Андыктан тамактын ар кандай түрүн, жер-жемиш, жашылчаларды дайыма пайдалануу керек. Витаминдердин [[Организм|организм]]де мааниси чоң экенин ар бир киши билүүгө тийиш. Ошондой эле ичеги-карын, боор ооруларын өз убагында дарылап, аракечтикке каршы күрөшүү, түрдүүлөп тамактануу, тамак-азыктарын туура сактоо жана даярдоо Витамин жетишсиздигин алдын алуу да чоң мааниге ээ. Витамин — [[Биология|биология]]лык күчтүү таасир берүүчү зат. Ошондуктан аны врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу зыяндуу.
 
 
 
==Колдонулган адабияттар==