Туз тектоникасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Туз тектоникасы''' - чөкмө тоо тек катмарларынын арасындагы ийилчээк туз кабаттарынан пайда бо..."
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Туз тектоникасы''' - чөкмө тоо тек катмарларынын арасындагы ийилчээк туз кабаттарынан пайда болгон бүктөлүү [[Деформация (физикада)|деформациясынын]] бир тиби.
 
Бул процесс туздуу катмардын терең чөгүшүнөн (1 клгденкмден терең) пайда болот. Мындай тереңдикте туздуу тектердин ийилгичтик касиеттери жогорулап, тыгыздыгы төмөндөйт. Тектердин тыгыздык боюнча ар түрдүүлүгү (асты жеңил туздар, үстү тыгыз тектер) туздардын жогору карай кысылып чыгышына шарт түзөт. Мында ядросунда туз жаткан казанбак сымал антиклиналдык структуралар, айрыкча диапирлүү бүктөлүштөр пайда болуп, анын канаттарында нефть жана газ кендери топтолушу ыктымал. Туз тектоникасына [[Кыргызстан]]дагы Чоң-Туз, Кичи-Туз, Шабыр-Көл (Кочкор кара тузу), Шамшыкал (Кетмен-Төбө), Беш-Көл (Тогуз-Торо), Серафимовка антиклиналдары бар. Туз тектоникасы кембрийге чейинки тоо тек катмарларынан тартып неогенге чейинки чөкмө тектеринде учурайт.
 
== Колдонулган адабияттар ==