Меркурий: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Undo revision 214880 by ChoRusBot (talk)
No edit summary
44-сап:
 
== Меркурийдин күндү айлануу мезгили ==
Меркурий Күндүн айланасында чоң эксцентриситет менен (е » 0,206) эллипстик орбита бонча 0,387 а.б. аралыкта айланат. Күнгө чейинки аралыгы перигелийде 46 млн. км, афелийде 70 млн. кмге жетет. Күндүн айланасында айлануу мезгили 88 сутга барабар.
== Меркурийдин магнит талаасы жана магнит сферасы ==
Меркурий татаал түзүлүштөгү начар магнит талаага ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп. Планета аралык магнит талаалар Меркурийдин ядросу менен өз ара аракеттенишип, анда электр тогун пайда кылышы мүмкүн. Бул токтор, о. эле ионосферада заряддардын которулушу магнит талаасын пайда кылат. Булар Күн шамалы менен өз ара аракеттенип магнит сферасын түзөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Меркурий" булагынан алынды