Ысык-Көл: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Орус тилиндеги сөздөр кошулган 91.192.67.245 (talk)
дегээлинен деген созго н тамгасын кошуп койдум
38-сап:
== Ысык-Көл – кыргыз бермети ==
 
Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз дегээлиненденгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.
 
Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ысык-Көл" булагынан алынды