Ихтиология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Female working with fishes.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Female working with fishes.jpg|thumb]]
'''Ихтиология''' (грекче ishthys – балык жана ...логия) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, систематикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Балыктардын түзүлүшүн жана органдарынын функциясын изилдөө биониканын, негизинен биогидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. Ихтиология боюнча алгачкы изилдөөлөрдү Индия окумуштуулары жүргүзгөн (биздин заманга чейинки 6-кылым). Балык өстүрүү, алардын тиричилиги жөнүндөгү туңгуч китеп биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Кытайда жарык көргөн. Биздин заманга чейинки 4-кылымда Аристотель «Жаныбарлар тарыхы» деген китебинде балыктарды сууда жашоочу омурткалуулардын өзүнчө тобу деп бөлгөн. Ихтиология Европада 15-кылымдан баштап өнүгө баштаган. 20-кылымдын ортосунан баштап ихтиологдор балыктардын жашын, өсүшүн, азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын жана миграциясын изилдөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгышкан. Ихтиологиянын негизги милдети – тамак-аш ресурстарын океан, деңиз сууларынан көбүрөөк алуу, промыселдик балык өстүрүүнү өнүктүрүү, алардын кунардуулугун рационалдуу пайдалануу ж. б. Кыргызстанда ихтиологиянын өсүшүнө Ф. А. Турдаковдун салымы чоң. Ихтиологиялык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана биотехнология институтунун лабораториясында жүргүзүлөт.
[[Категория: Зоология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ихтиология" булагынан алынды