Кош аяктар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Woodland jumping mouse.jpg
1-сап:
[[Файл:Woodland jumping mouse.jpg|thumb|''Napaeozapus insignis'']]
'''Кош аяктар''' (Dipodidae) — сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү тукуму. Дене узундугу 5 смден 26 смге, куйругунун узундугу 7—30 смге жетет. Жүнү кыска, жыш, ак, кара, күрөң, боз түстө. Эркек ургаачысы окшош. Көбүнүн арткы буттары алдынкысынан 3—4 эсе узун. Башы, көзү чоң, кулагы узун. Эки буту менен чуркап, секирип жүрүүгө (3 м аралыкка секирет) ыңгайланган. 10—15 урууга кирген 27—30 түрү Евразия, Түндүк Африка жана Түндүк Американын талаа, чөл, жарым чөлдөрүндө таралган. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 9—10 уруунун 17 түрү, Кыргызстанда 4 түрү бар. К. а. жалгыздап, терең ийинде жашайт. Күүгүмдө жана түнкүсүн азыгын издейт. Жылына 1—2 жолу 2—8ди тууйт. Өсүмдүк данын, бакча өсүмдүктөрүн ж. б. жеп, зыян келтирет.
 
[[Категория: Зоология]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория: ЗоологияЖаныбарлар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кош_аяктар" булагынан алынды