Түндүк Америка: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Түндүк Америка''' - Батыш жарым шардагы материк. Аянты 20,36 млн км2 (аралдары менен 24,25 млн км2). Ка..."
 
No edit summary
1-сап:
{{Материк
'''Түндүк Америка''' - Батыш жарым шардагы материк. Аянты 20,36 млн км2 (аралдары менен 24,25 млн км2).
|Аталышы = Түндүк Америка
|Сүрөт = Location North America.svg
|Сүрөткө баяндама = Түндүк Америка жарым шаардагы картада
|Аянты = 24,250,000<ref name="БЭС">[http://dic.academic.ru/dic.nsf/enc3p/266510 БЭС]</ref><ref name="ГЭ">[http://dic.academic.ru/dic.nsf/enc_geo/250#%D0%A1%D0%95%D0%92%D0%95%D0%A0%D0%9D%D0%90%D0%AF%20%D0%90%D0%9C%D0%95%D0%A0%D0%98%D0%9A%D0%900 Географиялык энциклопедия]</ref>
|Калкы = 565,265,000 (2013)
|Калктын жыштыгы = 22.9
|Этнохороними = Түндүк америкалык, америкалык
|Курамындагы өлкөлөр = 23 өлкө
|Таанылбаган аймактар =
|Тилдери = [[Англис тили|англисче]], [[испан тили|испанча]], [[француз тили|французча]] ж.б тилдер
|Убакыт аралыгы = [[UTC-10]] — [[UTC±0|UTC]]
|Домени =
|Ири шаарлары = [[Вашингтон]], [[Нью-Йорк]], [[Мехико]], [[Лос-Анжелес]], [[Чикаго]], [[Оттава]]
|Уикиказына =North America
}}
 
'''Түндүк Америка''' ({{lang-en|North America}}, {{lang-fr|Amérique du Nord}}, {{lang-es|América del Norte, Norteamérica}}, {{lang-nah|Ixachitlān Mictlāmpa}}) — Батыш жарым шардагы материк. Аянты 20,36 млн км2 (аралдары менен 24,25 млн км2).
 
 
Калкы 531,1 млн (2009). Түндүгүнөн Түндүк Муз океаны (Бофорт, Баффин деңиздери жана Гудзон булуңу), батышынан Тынч океан (Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булундары), чыгышынан Атлантика океаны ([[Кариб деңизи]], Мексика жана Ыйык Лаврентий булуңдары) менен чулганат. Түштүк чеги негизинен Панама мойногу аркылуу өтөт. Анын эң түндүк учу Мёрчисон тумшугу, батышында - Уэльс Принц, чыгышы - Сент-Чарльз тумшуктары. Канаданын жана Түштүк Алясканын жээктери фьорд дор менен терең тилмеленген. Атлантика океаны жээк жагында дарыялардын эстуарийлери жана дельталары басымдуу. Батыш жээги начар тилмеленген, тоолуу. Эң ири жарым аралдары: түндүгүндө - Вутия, Мелвилл, чыгышында - Лабрадор, батышында - Сьюард, Аляска, түштүгүндө - Флорида, Калифорния, Юкатан. Ири аралдары: Гренландия, Канадалык Арктика архипелагы, Вест-Индия, Алеугп аралдары, Александр архипелагы жана Атлантика океанынын Бермуда аралдары, Сен-Пьер, Микелон ж. б. Түндүк Американын рельефи чыгыштан батышты карай өзгөрөт. Материктин батышында түндүктөн түштүккө Кордильера тоо системасы (к. ТундукАмерика Кордилъерасы) созулуп, чыгышын кенен түздүктөр, плато, орто бийик тоолор ээлейт. Орт. бийикт. батышында 1700 м, чыгышында 200-300 м. Түндүк-чыгышында Лаврентий дөңсөосү, түндүгүндө Макензи ойдуңу, борбордук бөлүгүндө бөксө тоолуу Улуу туздуктөр (бийикт. 500-1500 м) жана тектирлүү Борбордук туздук (бийикт. 500 -мге чейин) жайгашкан. Чыгыш чети Канадалык Арктика архипелагы, Лабрадор, Аппалачи тоолору менен курчалган. Түштүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңу жана Мексика бою ойдуңу орун алган. Материктин батыш жээгинде Кенай, Чугач, Ыйык Илья (Логан чокусу, бийикт. 6050 м), АКШнын Жээк, Канаданын аралдык кырка тоолору жана булуңдар (Кук, Калифорния) менен ойдуңдар (Сакраменто дарыянын жана Калифорния өрөөндөрү) ээлеген тилке бар. Кордильера тоо тизмеги Мексика тайпак тоосунан түштүктү карай экиге ажырап, бир бөлүгү чыгышты карай суу астындагы кырка тоолорду жана Вест-Индиянын аралдарын пайда кылып, Венесуэла Анд тоолоруна, экинчиси Теуантепек жана Панама мойноктору аркылуу Колумбия Анд тоолоруна өтүп кетет.