Өпкө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
 
5-сап:
== Сүрөттөмө ==
Өпкө — жуп орган. Алар көөдөн көңдөйүндө, жүрөктүн эки жагында жайгашат. Сырткы көрүнүшү конус сымал. Алардын негизи боор этти карап, сырткы бети кабыргаларга тийип турат. Ал эми жогорку — төбөсү, моюнду карай акыректен 2—3 см жогору чыгып турат. Өпкөнүн жүрөктү караган бетинде анын дарбазасы бар. Ага бронх менен өпкө артериясы кирет да, венасы менен лимфа тамырлары чыгат. Бронх өпкөгө мурун көңдөйү, алкым, көмөкөй жана кекиртек аркылуу келген абаны алып кирип, кайрадан өпкөдөгү абаны алып чыгат. Кишинин өпкөсүнүн орточо салмагы 800дөн 1800 гга чейин жетет. Анын көлөмү дем алуу учурунда чоңоюп, ал эми дем чыгарганда кичирейип турат. Эркектердин өпкөсүнүн көлөмү 3700 см3, аялдардыкы 3000 см3, ал эми ымыркайдыкы болгону 70см3 ге гана барабар.<br />
[[Файл:DiagramaIllu debronchi loslungs pulmonesnumerical labels.svgjpg|thumb|300px|left|Өпкөнүн түзүлүшү. 1:Трахея 2:Өпкө артериясы 3:Өпкө көк кан тамыры 4:Альвеолардык жол 5:Альвеолалар 6:Сол өпкөнүн жүрөк оюму. 7:Бронхиолалар 8:Үчүнчүлүк бронхалар 9:Экинчилик бронхалар 10:Негизги бронхалар 11:Кекиртек]]
 
== Анатомия ==
Анатомиялык түзүлүшү боюнча оң өпкө сол . Өпкөдөн айырмаланат. Себеби оң өпкө үч, сол өпкө эки бөлүктөн турат. Ал эми жалпы көлөмү жана салмагы боюнча оң өпкө сол өпкөдөн 10%ке чоңураак келет. Өпкөнүн ар бир бөлүгү өзүнчө дагы бөлүктөргө ажырайт: оң өпкө 10 —11, ал эми сол өпкө 9 —10 бөлүктөн турат. Бул бөлүктөр өпкөнүн сигменти деп аталат. Ар бир сигменттин өзүнчө артерия, вена кан тамырлары жана бронхиолдору бар. Бул бронхиолдор акырындап дем алуучу бронхиолдорго бөлүнөт.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өпкө" булагынан алынды