Балыкчы (шаар): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Мэрдин аты жөнү өзгөртүлдү
No edit summary
53-сап:
|сайтынын тили = ru
|сайтынын тили 2 =
|Шаардык кеңештин төрагасы=Сартбаев Канатбек Рыскельдиевич}}
}}
'''Балыкчы''' (1954-89-ж. Рыбачье, 1989-92-ж. Ысык-Көл, 1992-жылдан адепки аты Балыкчы кайтарылган) Ысык-Көл облусундагы шаар. [[Ысык-Көл|Ысык-Көлдүн]] батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 42,4 миң (2009). Шаар Ысык-Көлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -4°С...-6°С, жайы ысык, июлдун орто температурасы 20°С. Жылдык жаан чачын өтө аз (115 мм түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улуттуу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысык-Көл даназык», *Алтындан», «Каухар таш», «Ынтымак», «Калемгер», «Көк ойрок» акционердик коомдору. «Ак кеме» акционердик коому Кыргызстандагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу жана ондоо боюнча жалгыз ишкана. Шаар автомобиль, темиржол, суу жолдор тоому. Балыкчы аркылуу [[Бишкек]] [[Нарын]] [[Торугарт]], Бишкек [[Каракол]] (Күнгөй жана Тескей аркылуу) мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой Бишкек Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү майлоочу май менен камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экономика институту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, музузыкалык мектептер, балабакча, үй бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникум окуу жайы, техникум, коллеж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үйбүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.