Карышкырлар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Genus canis.jpg
1-сап:
[[Файл:Genus canis.jpg|thumb]]
'''Карышкырлар''' (''Canis'') – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн ит сымалдар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 70–160 см, куйругунун узундугу 20–50 см. Буттары узун, жылына 2 жолу түлөйт. 6 түрү Евразия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар менен азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра карышкырлары куу, чөл карышкырлары саргыч. Өмүр бою жубу менен, кээде кышкысын үйүр болуп жүрүшөт. Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун аткарат; табигый биоценоздо туяктуулардын санын жөнгө салып турат. 62–75 күн көтөрүп, 3–13 (демейде 4–6) бөлтүрүк тууйт. Бир айдан кийин аларды эт жегенге үйрөтөт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоңдор менен кошо жашап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.
[[Категория:Жаныбарлар]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Жаныбарлар]]