Колорадо коңузу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Colorado potato beetle.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Colorado potato beetle.jpg|thumb]]
'''Колорадо коңузу''' (''Leptinotarsa decemlineata'') — курт-кумурскалардын жалбырак жегичтер тукумундагы жандык; картөшкө жана башкалар ит жүзүмдөр уруусундагы өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечи. Дене узундугу 9-12 мм, канатында 5тен кара тактары бар, личинкасы 15 ммге жетет, кызыл же сары кызыл түстө. Европага Түндүк Америкадан (Колорадо штаты) келген (1859). Ургаачысы 2500гө чейин жумурткасын 15-20дан топ-топ кылып, картөшкөнүн жалбырагынын төмөн караган бетине таштайт. Андан 16-24 күндө личинка өсүп жетилет. Биринчи муундагы курту жалбырактын жумшак бөлүгүн, экинчиси өзөгүнөн башкасын жеп, картөшкөнү соолутуп, түшүмүн кескин азайтат. Жергиликтүү шартка оңой көнүп, тез көбөйөт. Коңуздар ташылган жүк жана башкалар аркылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө, зыянкеч тараган аянтка полихлорпинен, кальций арсенаты, хлорофос, фталофос чачуу.
[[Категория:Жаныбарлар]]
 
[[Категория:Биология]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:БиологияКурт-кумурскалар‎]]