Зоология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Chodowiecki Basedow Tafel 21 2.jpg + links
м + link
1-сап:
[[Файл:Chodowiecki Basedow Tafel 21 2.jpg|thumb|Christian Heinrich Wolke, ''J. B. Basedows Elementarwerk mit den Kupfertafeln Chodowieckis u.a.'', tab. XXI (1774)]]
'''Зоология''' - (зоо жана логия) [[жаныбарлар]] жөнүндөгү илим; биологиянын негизги бөлүгү. Жаныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн жана алардын бөлүнүшүн, ошондой эле жер бетинде таралышын, айлана-чөйрө менен байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрөтөт. Бир топ илимий тармакка: жаныбарлар морфологиясы, анатомия (жаныбарлардын ички жана сырткы түзүлүшү), гистология, цитология (микроскоптук структурасы) жана эмбриология (алардын жекече өөрчүшү) бөлүнөт.
 
Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, тарыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы жана эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички жана сырткы себептердин маанисин эксперименттик морфология изилдейт. 3оология физиология, биохимия, экология, зоогеография ж.б. илимдер менен байланыштуу.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Зоология" булагынан алынды