Бакчиев, Талантаалы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
21-сап:
==Кыскача өмүр жолу==
[[Бакчиев Талантаалы|Бакчиев]], Талантаалы (1971)
Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасынын" ээси (2011), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ардак грамотасынын" ээси (2016), Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын "За заслуги в развитии культуры и искусства" төш белгисинин ээси (2015), Кыргыз Республикасынын «Маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси (2010), «[[Манас эли]]» Коомдук бирикмесинин «Манас» төш белгисинин ээси (2010), Кыргыз Республикасынын "Билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси (2013), "Кыргыз тили" төш белгисинин ээси (2012), [[Манас|с]]манасчы Бакчиев Талантаалы Алымбек-уулу [[Ысык-Көл]]дун [[Ак-Суу]] районуна караштуу [[Маман айылы]]нда (мурдагы [[Кара-Бөлтөк]]) 1971-жылы 2-декабрда туулган. 2010-жылдын июль-август айларында «41 күн бою «Манас» айтуу» Сөң-Көлдө өткен иш чарасынын катышычуусу. 2014-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 7 күнү-түнү тынбай "Манас" айтуу руханий-маданий иш-чарасынын демилгечиси жана уюштуруучусу. Бугунун Арык уруусунун Сарыкалпак уругунан.

==Манасчылык касиетине ээ болушу жана чыгармачылыгы==
Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле ал кереметтүү түш аркылуу «[[Манас]]» айтып калат. Түшүндө: Чыйырды, Манас, Каныкей, Коңурбай, [[Алмамбет]], [[Чубак]], Ырамандын Ырчы уулу, Сыргак, Семетейлерге кабылган. Мына ошол алгачкы түштөрүнүн бирин, ал өзү төмөнкүчө баяндайт: «Адатгагыдай эле мен коюмду айдап, [[Жыргалаң суусу]]нун боюна жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дебе ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. Анан Каныкей: «О, айланайын кулунум, айла таппай курудум. Ойной турган чагымда, ооматым келген маалында, Айкөлдү жуттум мен шордуу. Олдо-бүлдө дүнүйө ай! Эми көкжалымдын белеги, эл- журтумдун желеги кыймылсыз жатат дени чок, эчкирсем угар киши жок» - деп, көзүнүн жашын көл кылып мага кайрылды. Эмнегедир ошол учурда мени кандайдыр бир күч башкаргансып, тактанын үстүндө жаткан баланын тулку боюн ушалап, оозун ачып, үйлөп кирдим. Үйлөгөн сайын менин оозуман көк нур чыгып, баланын оозуна кирип жатты. Айтор, канча убакыт өткөнүн билбейм. Бир убакта эки көзү ачылып, эмелеки кыймылсыз жаткан баланын денесине жан кирип, оозунан ак көбүк оргуштап чыгып жатты. Мен буркурап ыйлап, тактанын үстүнөн шыпырыльш барып, жердеги аюу талпактын үстүнө отуруп калдым. Аңгыча, башында карасы бар Каныкей эне кесе сунду. Мен жыгач кеседеги кымызды тартып жибердим: «Кагылайын каралдым, жомокчулукка жарадьң. Кайыптан бизге туш болдуң, карааны бийик куш болдуң. Ак бата бердик, кабыл ал, Айкөл атаң, эрдигин, ааламга ырдап, салгын жар! Эми биз тээтетиги аяшым Алмам түнөгөн мазарлуу дөбө [[Боз-Учук]]ка барабыз» - деп, көздөн кайым болушту».

31-сап:
Ал 1991-1992-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониянын алдындагы фольклордук студиядан окуп, 1992-1995-жылдары К.Тыныстанов атындагы [[Ысык-Көл]] Мамлекеттик университетинин «[[Кыргыз филология]]» факультетинен экстерн түрүнө окуп, артыкчылык диплому менен аяктайт.

1998-жылы [[Кыргыз Республика]]сынын [[Өкмөт]]үнүн жана [[ПРООН]]дун «[[Устат-шакирт]]» аттуу долбоорунун алкагында, жаш манасчылар Алмаз Эгембердиев менен Улан Төлөгөновду окуткан.

Т.Бакчиев манасчылык өнөрү менен эле бирге, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, «А.Жакыпбектин адабият менен фольклордун кесилишиндеги чыгармачылык изденүүсү» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон (2004). Анын жеке илимий изилдөө аракеттеринин негизинде: «Манастааным. Жомокчунун жолу» (2003), «Священный зов. Мнемоническое творчество жомокчу» («Аян. Жомокчунун жады чыгармачылыгы») (2005), «[[Ашымдын көөнөрбөс мурасы]]» (2006), «Шаабай» (2006), «Введение в Манасоведение» («Манастаанууга киришүү») (2008), "Манасоведение" (2011), "Манастаануу" (2011, 2013), "Кыргыз өзөгү" (2011), "Кыргызские эпические сказители" (2015), "Манасчылар" (2011, 2013), "Манас" жана саясат" (2013) аттуу илимий, публицистикалык, окуу китептери жана элүүдөн ашуун илимий макалалары жарык көргөн. Т.Бакчиевдин бул илимий эмгектеринде манасчылык өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы, анын негизги озуйпалары, азыркы коомдогу ээлеген орду сыяктуу маселелер кеңири козголгон. Азыркы күндө Т.Бакчиев Манастаануучулардын эл аралык ассоциациясын жетектеп келет.

==Сыйлыктары==
«[[Маданияттын мыкты кызматкери]]» төш белгисинин ээси (2010), «[[Манас эли]]» Коомдук бирикмесинин «[[Манас]]» төш белгисинин ээси(2010), манасчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

==Колдонулган адабият==
Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.