Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Бид'а: new section
→‎Вакуф: new section
38-сап:
1.Кээ бирлер «киргизилген жаңылык» деп Мухаммед пайгамбардын өмүрү өткөндөн кийин кылымдар бою мусулман коомунда пайда болгондун баарын эсептешет. Алардын бид'а термини тууралуу түшүнүгү кыйла кенен. Алар бардык жаңылыктарды «жаман» жана «жакшы» деп экиге бөлүшөт. «Жакшы» жаңылыктарга (бид'а аль-хасан) алар Курандын жана Суннөттун жоболоруна каршы келбегендин баарын киргизишет, мисалы, үн күчөткүч аркылуу намаз окууга чакыруу (азан); ал эмн «жаман» (бид'а ас-саййиа) деп — Куран жана Суннөткө каршы келгендин бардыгы саналат. Ушинтип, кээ бир ислам агымдарындагы ар кандай жаңылыктар салттуу терминология турундө укуктук маселелерде жолуга баштады: ваджиб, мандуб, мубах, макрух жана харам Мисалы, фикха 2 ыкмасы менен араб тилинин грамматикасын окуу, алардын ою боюнча милдеттуу түрдө кирги¬зилген (ваджиб) ж а ныл ы к болуп калды, ал эми сунниттик дин окуусуна каршы келген кээ бир секталардын кез кара- шын, алар тыюу салынган (харам) жаңылык деп аташкан.
2.Бирок мусулман уламаларынын башка бөлүгү диндеги жанылык киргизүү маселеси боюнча жогоруда берилген көз караштар менен макул эмес. Алар Куранда жана Суннөттө негизи бар нерсени бид'а аль-хасан деп атоого болбойт деп эсептешет. Тагыраак айтканда, исламдын алгачкы булактарында аталып кеткен диндин негизги идеяларын жанылык киргизүү деп атоого болбойт, эгерде кийин кээ бир тушунуктөр, же нерселер өнүгуугө дуушар болсо да. Жаңылык кирги¬зүү деп Куранда же Суннөттө каралбаган принципиалдүү жаны нерсени атоого болот. Жогоруда көрсөтүлгөн динге жа¬ңылык киргизүү маселеси боюнча эки көз караштын ортосунда бир гана окшош позиция каралууда. Экөө тең диндин рухуна каршы келүүчү жанылыктарды кабыл албайт. Мындан тышкары, динге «жакшы» жаңылыктарды киргизүүгө уруксаат берүү ортодоксалдык диндин башка салттар менен аралашуусуна алып келиши мумкун. Ошондуктан бид'а маселеси бо-юнча экинчи көз караш ортодоксалдуу уламалардын чөйрөсүндө кыйла жайылган болуп саналат. Бирок эл арасында биринчи көз караш орундалган, анткени ал аркылуу алар кээ бир улуттук салттарын жана үрп адаттарын динге киргизип, исламдыкы катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 
== Вакуф ==
 
Вакуф (вак'ф, көптүк түрү аукаф; түрк. vakif) — ислам укугунда мамлекет же башка адам тарабынан кайыр-садака максатында берилген мүлк. Вакуфка пайда (киреше) келтирүүчү жана коротулбаган (мисалы, вакуфга акча берилбейт) кыймылсыз жана кыймылдуу ажыратылбас мүлк кириши мүмкүн. Вакуфга өз мүлкүн өткөрүп берген адам вакуфтун негиздөөчүсү деп аталат.