Бурятия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Buryat_in_Russia.svg + Usnea in Baikal reservate.jpg
1-сап:
[[Файл:Buryat in Russia.svg|thumb]]
'''Бурятия''', Бурят Республикасы – Россия Федерациясынын курамында. Чыгыш Сибирдин түштүгүндө (Сибирь Федерация округу), Байкал көлүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 351,3 миң км<sup>2</sup>. Калкы 969,1 миң (2005). Администрациялык-аймактык жактан 21 районго бөлүнөт. 6 шаары, 21 шаарчасы бар. Борбору Улан-Удэ шаары.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Бурятия тоолуу өлкө. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Забайкалъе, ошондой эле Чыгыш Сибирдин түштүк бөлүгү ээлейт. Рельефине жараша 4кө бөлүнөт: орто бийиктиктеги Селенга тоосу (бийиктиги. 1200–1700 м), Чыгыш Саян (эң бийик жери Муңку-Сардык, 3491 м), Байкал тоолуу облусу (бийиктиги. 2000–2500 мге жеткен Хамар-Дабан, Улан-Бургасы, Бургуза, Байкал тоолору), Витим Бөксө тоосу (1000–1200 м). Климаты кескин континенттик. Кышы узак, суук, кар аз жаайт. Табигый шарты калктын жашоосуна анча жагымдуу эмес. Январдын орточо температурасы –18...22°С, июлдуку 10–14°С. Жылдык жаан-чачыны 400–500 мм. Ири дарыялары: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара, Витим (Ленанын куймасы), Иркутск. Байкал көлүнө куюшат. Негизинен күл топурак басымдуу. Талаа жана токойлуу талааларында күрөң, кызгылт топурак өөрчүгөн. Аймагынын <sup>4</sup>/<sub>5</sub>үн токой каптап жатат. Забайкалье, Тункин улуттук парктары, Баргуза, Байкал, Жерге коруктары бар.
 
==Калкы==
Калкынын негизин орустар –67,8%, буряттар – 27,8%и түзөт. Украин, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы – 57%. Ири шаарлары – Улан-Удэ, Кяхта, Гусиноозерск, Закаменск.
 
==Табияты==
[[Файл:Usnea in Baikal reservate.jpg|thumb|[[Байкал коругу]].]]
Бурятиянын аймагында адамдар байыркы таш доорунан эле жашагандыгы белгилүү. Биздин замандын 3-кылымынан 11-кылымына чейин Бурятияны байыркы хунн, уйгур, эвенк көчмөн уруулары мекендеген. 13-кылымдын башында Байкал аймагында моңгол тилдүү буряттар, эвенкилер жашаган. Алар негизинен мал чарбасы, аңчылык менен кесиптенишкен. Болжол менен 17-кылымдын аягында бурят элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын башында Бурятиянын аймагына алгачкы казак-орус отряддары келген жана алар өзүлөрүнүн таяныч пункттары острогдорду кура башташкан. Алардын айланасында Россиянын борбордук райондорунан келген орус дыйкандары, өнөр жайчылар отурукташа баштаган. 17-кылымдын ортосунда Бурятия Россиянын курамына толук кирген. Улуттук, крепостнойлук эзүүнүн күчөшү 1658-, 1696-ж. көтөрүлүштөрдүн келип чыгышын шарттаган. «Бөтөн элдерди башкаруу уставына» (1822) талаа думалары негизделип, алардын башында жергиликтүү администрация башчылары тайшалар турган. 18–19-кылымда шаманизм менен катар эле православие жана буддизм (ламаизм) диндери тарала баштайт. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Бурятияда администрациялык-аймактык реформа жүргүзүлгөн. Колониялык фонддун эсебине иркут буряттарынын жеринин 53%ин, Байкал боюндагылардын 36%ин тартып алышкан. Жергиликтүү элдердин нааразычылыгынын күчөшүн токтотуу үчүн 1904-ж. аймакка согуштук абал киргизилген. 1914–18-ж. миңдеген буряттар согушка чакырылып, тылдык эмгектерге тартылган. 1918–19-ж. япондук жана америкалык интервенттер басып алган. 1921-ж. 27-апрелде жана 1922-ж. 9-январда Бурят-Моңгол жана Моңгол-Бурят Автономиялык областтары түзүлгөн. Алар 1923-ж. 30-майда Бурят-Моңгол Автономиялык облусуна биригишип, РСФСРдин курамына киришкен. 1958-ж. Бурят Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн. 1990-жылдан суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алынып, 1992-жылдан Бурятия.
==Өнөр жайы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бурятия" булагынан алынды