Николай Боголюбов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

14 февраль 2017, саат 11:47 учурдагы нуска

Боголюбов Николай Семенович - (1905-ж. т., Москва ш. ) - коомдук жана парт, ишмер. Кызматчынын үй-бүлөсүнөн.

1925-жылдан КПССтин мүчөсү. 1924-25-ж. кызыл үй башчысы, ВЛКСМ укомуна инспектор. 1925-28-ж. ВКП (б) Волоколамск укомунда иштейт. 1928-32-ж. Москванын өнөр жай ишканаларында иштеп жүрүп, жумушчу факультететин бүтөт. 1932-34-ж. механика-машина куруу институтунда окуган. 1934-ж. Караганда облусундагы эт-сүт с-зунун саясий бөлүмүнө башчы. 1936-38-ж. Казакстан КП(б) Келлеров-ский жана Шучинский райкомунун биринчи секретары, кийин Түндүк Казакстан обкомунун үчүнчү секретары. 1939- 45-ж. Казакстан КЩб) БКнын үчүнчү, Семипалатинский, Алматы, Чыгыш Казакстан обкомунун биринчи секретары. 1945-жылдын июлунан 1950-жылдын июлу-на чейин Кыргызстан КЩб) БКнын биринчи секретары. СССР Жогорку Советинин (2-3-шайл. ), Казак ССР Жогорку Советинин (1-шайл. ), Кырг. ССР Жогорку Советинин (2-шайл. ) депутаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.