Сена: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо |
(Айырма жок)
|
14 февраль 2017, саат 14:46 учурдагы нуска
Сена - Франциядагы дарыя.
Уз. 776 км, алабынын аянты 78,6 миң км2. Лангр платосунан башталып, Ла- Манш кысыгына куят.
Ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү жазы, нугу ийри-буйру. Башкы куймалары: Об, Марна, Уаза (оң), Йонна (сол). Негизинен жамгыр сууларынан куралат. Ноябрдан мартка чейин суусу кирет.
Жылдык орточо чыгымы Парижде 250 м3/сек, чатына жакын 450- 500 м3сек. Каналдар аркылуу Сомма, Шельда, Самбр, Маас, Рейн, Сона, Луара ж. б. дарыялары менен туташат.
Труа шаарынан тартып кеме жүрөт. Башкы порттору - Париж, Руан, Гавр
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.