Аары: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ link |
|||
1-сап:
[[File:Bees Collecting Pollen 2004-08-14.jpg|thumb|[[Бал аары]] (''Apis mellifera'').]]
'''Аары''' (лат. Anthophila, Apoidea түркүмүнө кирет) - жаргак канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурска. Денеси түктүү, уз.1,5 мм-ден 5 см-ге чейин, көпчүлүгүнүкү 1-1,5 см. Аарынын ооз органдары кемирүүгө, жалоого ылайыкталып жаралган.<br />
Аары өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор роль ойнойт.
Аарынынн 30 миңге жакын түрү белгилүү, көпчүлүгү тропикалык жана субтропикалык өлкөлөрдө кеңири таралган.
Алар уюкташып жашоочу, жекече жашоочу жана күкүк Аары болуп бөлүнөт.
Уюкташып жашоочу аарылардын тобуна шимикчи аары, мелипон, Кыргызстанда кездешүүчү жапайы аары, Индияда аарынын үч түрү жана бакма аарылыр кирет.<br />
Аарылардын мелипон тукумдары Америкада, тригон [[Австралия]]да, [[Африка]]да, [[Индия]]да, Индокытайда, [[Индонезия]]да жана Түштүк Америкада жапайы жашайт.
Жапайы аарылар [[Орто Азия]]нын, [[Кавказ]]дын, [[Башкортостан]]дын токойлорунда көп кездешет.<br />
Аары адегенде бакма түрүндө Индияда, [[Кытай]]да, [[Япония]]да, Ыраакы Чыгышта өстүрүлө баштаган.<br />
Уюкташып жашоочу аарылар жер шартына, дарак көңдөйүнө, таштардын коңулуна, жардын же тамдын кычыгына уюктайт. Булар бакма А. сыяктуу эле жаңы уюк бөлүү менен көбөйөт.
Жекече жашоочу аарынын тукуму дүйнө жүзүндө өтө көп. СССРде бакчы, гүлчү, жыгаччы, ийинчи ж.б тукумдар бар. Булардын көпчүлүгү Орто Азияда, асыресе [[Кыргызстан]]да да кездешет.
Күкүк аарылар өздөрү уюк жасабай, башка аарылардын уюктарына тукумдайт.
[[Category:Табият илимдери]]
|