Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Жооп
10-сап:
 
==Инсандардын аттарын бир форматта жазалы==
Урматтуу [[Колдонуучу:Kairat Zamirbekov|Kairat Zamirbekov]], катыңызга ыракмат! Кыргыз викичилери 2009-13-жылдары орток чечим кабыл алышкан, атайын Сорос кору уюштурган семинарларда да жалпы чечим кабыл алынган. [[UserКолдонуучу:Chorobek Saadanbekov|Chorobek Saadanbekov]] жана [[User:Tynchtyk Chorotegin|Tynchtykbek Chorotegin]] мырзалар да тастыктай алат. Сөздүктүк макаланы азыркы Спутникбек, Советбек, Шайлообек деген сыяктуу азыркы миңдеген жаңы же эски ысымдардан эмес, инсандын тегатынан (фамилиясынан) баштаганда, абдан көп киши тууралуу маалымат вики энциклопедияга дурусураак системага түшөт. Фамилия аркылуу кишинин таржымакалы жөнүндөгү макаланы табуу да алда канча оңой. Ошол эле орустар тууралуу да кыргызча викиге маалымат жүктөшүбүз керек. Алардын ичинен Александр Пушкинди издеп отурсак, Александр Александровдон эле жүз миң кишиси чыгат, Пушкнинге жеткиче чарчайсыз. Биз дүйнөлүк биографиялык маалыматтарды да жөнгө салышыбыз керек эмеспи. <br>
[[Колдонуучу:Абдырашит Сатылганов|Абдырашит Сатылганов]] мырзага да ушул жагдайды жакгылап ойлонуп көрөлүк деп сунуш кылмакчымын. Кеп кыргызча же орусча формат дегенде эмес, кайсы түр - келечектүү жана көп маалыматты оңой чагылдыраарында. Чыңгыз хан менен Чыңгыз Айтматовду ысымынан издегиче, Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович деп издесек, жазуучубузду оңой таба алабыз. Айтматов Илгиз, Айтматов Аскар, Айтматова Роза, Айтматова Ширин... деп анан ары кете берет. Ошол себептен, азыр биргелешип, колдон келишинче инсандардын аттарын нагыз илимий форматта чагылдыруу ишине бөгөт кылбайлык. Түшүнгөнүңүздөр үчүн терең ыраазымын! Кереек болсо, спонсорлорду издеп, кайра дагы бир жолу Кыргыз викичилер курултайын чогулталык! Терең урматым менен [[User:Dnes1302|Dnes1302]] <br>