Ача туяктуулар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
+ link
1-сап:
'''Ача туяктуулар''' (Artiodactyla) - сүт эмүүчүлөр түркүмү. Бутунда 2 же 4 манжасы бар, 3 менен 4-манжасы жакшы өрчүгөн, анткени дене оордугу негизинен ошол манжаларга түшөт. Каптал манжалары экөө начар өрчүгөн, биринчиси жок. Сыртынан туяк менен капталып, 3- 4манжасынын ортосунан ачаланып турат. Бүдүрлүү азуу тиштери менен катуу чөптөрдү майдалап чайнайт. Акыреги жок. Алардын 200 түрү белгилүү. Кепшөөчүлөр жана кепшебөөчүлөр болуп бөлүнөт. Кепшөөчүлөр: бугу-марал, элик, төө, жейрен, бөкөн, эчки-теке, багыш, аркаркулжа, антилопа, жираф, зубр; малдан – кой-эчки, уй, топоз; кепшебөөчүлөр: чочко, [[Бегемот сымалдуулар|бегемот]]. Кеңири таралган ([[Австралия]] менен [[Жаңы Зеландия|Жаңы Зеландияга]] чейин), КМШ өлкөлөрүндө 13 уруусу, 22 түрү кездешет. Чөп жечүлөр, чандасы ылгабай азыктанышат. Көпчүлүк ача туяктуу үй жаныбарлары; эт, сүт жана териси үчүн багылат. Айрым түрүнүн саны азаюуда. ЖКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү жана 14 түрчөсү киргизилген.
 
<gallery>