Фламинго: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

28 февраль 2017, саат 07:40 учурдагы нуска

Фламинго (Phoenicooteri) - канаттулардын түркүмү.

Дене уз. 91120 см. Тумшугу чоң, учу ийилген, жаагында суудан же ылайдан диатом жана кек жашыл балырлар, рактар, моллюскалар жана суу курт-кумурскаларын сүзүп калуучу мүйүз пластинкалары жайгашкан. Буту, мойну абдан узун, манжалары жаргактар менен капталган. Жүнү ак, күлгүн кызгылт болуп кубулуп турат, канаты кара.

Фламингонун 6 түрү Түштүк-Батыш Европа, Африка, Түндүк Американын түштүк бөлүгүндө кездешет. Деңиз жана туздуу көлдөрдүн жээгинде колониялуу уялайт.

Фламинго 1-2, кээде 3 жумурткасын эркек, ургаачысы 30-32 сутка басышат. Балапанын 2 жума өз кусундусу менен азыктандырат.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.