Франц-Иосиф жери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

28 февраль 2017, саат 09:38 учурдагы нуска

Франц-Иосиф жери - Баренц деңизиндеги архипелаг.

РФтин уюлдук аймагында. Аянты 16,1 мид км2. 192 аралдан турат. 3 топко бөлүнөт: чыгыш - башкалардан Австрия кысыгы аркылуу бөлүнөт; ири аралдары - Вильчек Жери, Греэм-Белл; борбордук - Австрия кысыгы менен Британия каналынын аралыгындагы аралдар (Рудольф, Гукер); батыш - Британ каналынын батышындагы аралдар; мында архиделагдагы эң ири Георг Жери а. жайгашкан. Аралдардын көбү кумдук, акиташ, базальт тектеринен турат. Аянтынын 87% и муз менен капталып, анын калындыгы 100-500 мге жетет. Бийиктиги 620 -мге чейин (Винер-Нойштадт а-нда).

Климаты арктикалык. Январдын орточо температурасы -24°С, июлдуку -1,2°С. Музу жок жерлеринде майда көлдөр бар. Арктика чөлү басымдуу; мамык чөл, эдилчектер, таш жаргы, түндүк уюл апийими жана мажүрүм талы өсөт. Ак аюу жана калтар түлкү кездешет. Аскалары - куштар базары. Туруктуу жашаган калкы жок. Александр Жери жана Рудольф а-нда уюлдук станциялар, Хейса а-нда геофизикалык обсерватория (1957-жылдан) иштейт. РФ кызматынын чек ара заставасы бар. Архиделагды 1873-ж. Австрия-венгрия экспедициясы ачып, аны Австрия императору Франц Иосиф 1дин ысмынан атаган.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4