Эмоция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

28 февраль 2017, саат 11:40 учурдагы нуска

Эмоция (лат. emoveo - дүргүтүү, толкундантуу) - организмдин сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө карата реакциясы; канааттануу, сүйүнүү, коркуу, кайгыруу, ачуулануу ж. б. сезимдердин таасиринен Эмоция оң (кубануу) жана терс (кайгыруу) болушу мүмкүн.

Адамдын жашоосунда жана жаныбарлар дүйнөсүндө Эмоциянын мааниси чоң. Эмоциясыз чөйрөнүн өзгөрүлмө шартына көнүгүү, жашоо, тукум калтыруу мүмкүн эмес. Адамдын Эмоциясы мазмуну жагынан жаныбарлардыкынан жогору. Эмоция реакциялары рефлекстерге кирип, анын ишке ашырылышында вегетатив борборлор, ретикуль формациясы ж. б. мээ бөлүктөрү катышат. Дүүлүгүүлөр вегетатив нервдери (симпат жана парасимпат) аркылуу ички органдарга, булчуңдарга жеткирилет. Эмоция реакциясында организм энергияны көп сарптайт. Эмгек процессинин өзү жана анын натыйжалары кубанычты, канааттанууну же өкүнүчтү пайда кылат. Мындан тышкары Эмоция организмде анын эркине баш ийбеген өзгөрүүлөр менен коштолот. Адамдын көңүлү көтөрүлүп, кубанганда же уялганда, корккондо, кыжырланганда ж. б. учурларда кан тамырдын кагышы тездеп, дем алуу өзгөрүлө тургандыгы белгилүү. Адамдын ден соолугу анын маанайына шарт түзөт. Узакка созулган терс Эмоция (коркуу, кайгыруу . б.) невроз ж. б. психикалык оорулардын пайда болушуна түрткү болот.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4